АКШда Джон Кеннединин өлүмү жөнүндө миңдеген документ жарыяланды

Published

Ак үй АКШнын президенти Джон Кеннединин атылып өлтүрүлгөнүн иликтөөгө байланышкан миңдей документти толук жарыялоого буйрук берди. Баардыгы 13 миңден ашык документ Интернетке коюлду, бул АКШнын тарыхындагы эң сырлуу окуяга тийиштүү архивдик документтердин 97% ашыгы.

Архивде көп жылдар бою сыр болуп сакталып келген документтер жарыяланган менен кандайдыр бир катуу ашкере болуучу окуялар деле күтүлгөн жок, бирок тарыхчылар Кеннедини атып өлтүргөн адам жөнүндө көбүрөөк маалымат болот деген үмүттө.

АКШнын 35-президенти Джон Кеннеди 1963-жылы 22-ноябрда Техас штатындагы Даллас шаарына барган учурда атылып өлтүрүлгөн.

1992-жылдагы мыйзам боюнча өкмөт бул окуя тууралуу бардык документтерди 2017-жылдын октябрь айында эле жарыялоого тийиш болчу.

Бейшембиде президент Жо Байден буга тийиштүү архивдик документтерди ачыкка чыгаруу жөнүндө жарлык чыгарды. Бирок кээ бир файлдар 2023-жылдын июнь айына чейин жашыруун бойдон каларын, аларды азыр жарыялоо конкреттүү түрдө зыян алып келет деп билдирди.

АКШнын Улуттук архиви 515 документ толугу менен жабык бойдон каларын, ал эми 2545 документ жарым-жартылай жабык болорун кабарлады.

1964-жылы АКШда Уоррендин комиссиясы жүргүзгөн иликтөө Кеннеди америкалык жаран Ли Харви Освальд тарабынан өлтүрүлгөнүн аныктаган. Ал мурда Советтер союзунда жашаганы жана кылмышты жалгыз жасаганы айтылган.

Освальд Далласта камакка алынгандан эки күндөн кийин полиция башкармасынын жер төлөсүндө өлтүрүлгөн.

Джон Кеннединин өлүмү боюнча толтура конспиративдик пикирлер айтылып келатат, айрыкча бул иште ЦРУнун ролу жөнүндө көп түрлүү пикир бар. ЦРУ бейшембиде Освальд менен эч кандай байланышы болбогонун жана америкалык тергөөчүлөрдөн эч кандай маалыматты жашырган эместигин дагы бир жолу билдирди.

Бул окуянын иликтеп жазгандар архивдик материалдар Освальд Мехикодо 1963-жылы КГБ агенти менен жолуккан учурда эмне иш кылганы жөнүндө көбүрөөк маалымат берет деп үмүтөнүшкөн.

ЦРУ соңку билдирүүсүндө Освальддын Мехикого барганы тууралуу агенттикте болгон маалымат мурда эле жарыяланганын кабарлады. Анын айтымында, жаңы жарыяланган документтердин арасында бул темада жаңы маалымат жок.

Бирок бул окуяны иликтеп, өкмөттү сотко берип, файлдарды жарыялоону талап кылып келаткан Мэри Феррелл фондусу деп аталган коммерциялык эмес уюм ЦРУ Освальддын Мексикадагы иштери жөнүндө маалыматты жашырып жатат деп билдирүүдө.

Алардын жүйөсүндө ЦРУнун кээ бир документтери архивке эч качан берилген эмес, ошол себептүү азыр жарыяланган документтердин арасында жок.

Жакында эле жарыяланган документке караганда, Мексиканын президенти АКШга Мексикадагы советтик элчиликте болгон сүйлөшүүлөрдү тыңшаганга жардам берген экен. Бирок Мексика өкмөтүндө башка расмий адамдар муну билген эмес.

Бул маалымат файлдын мурда жарыяланган, редакцияланган версиясында жашыруун калган деп кабарлайт Си-би-эс телеканалы.

Ак үй жаңы жарыяланган файлдардан коомчулук иликтөөнүн кандай жүргөнүн эми жакшы түшүнө алат деп билдирди.

Президент Байден ошондой эле 16 миңдей файлдын 70% толугу менен жарыяланып жатканын кабарлады.

Трамптын администрациясы дагы убагында бул иштин миңдей барагын жарыялап, бирок улуттук коопсуздук көз карашынан улам башка көп документтерди жабык калтырган. А чынында 1992-жылдагы мыйзам боюнча Кеннединин өлүмүн иликтөөдөгү бардык документтер 2017-жылы эле толук жарыяланышы керек эле.

2021-жылы октябрда Байден 1500 документти жарыялаткан, эми мына Американын тарыхындагы эң сырлуу окуянын дээрлик бардык документтери жарык көрдү. (КС)