Бөбөктөрдү инсулин менен ууландырган медайым

Lucy Letby

Сүрөттүн булагы, SWNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Медайым Люси Летби Британиянын Херефорд шаарындагы Честер графинясынын ооруканасында иштечү
Published

Медайым Люси Летби Британиянын Херефорд шаарындагы Честер графинясынын ооруканасында иштечү.

Эми ал "бөбөк ууландыргычы" атка конду, себеби аны беш эркек жана эки наристе кыздын өлүмүнө айыптап жатышат. Мындан тышкары дагы он чүрпөнү ууландырууга аракет кылган деп шектелүүдө. Мамлекеттик айыптоочу Ник Жонсон Люси Летби оорукананын балдар бөлүмүндө иштегени менен дайым караөзгөй ойдо жүргөн деп айтты.

32 жаштагы медайым Люси Летби Манчестердеги королдук сотто өзүнө карата 22 айыпты четке какты. Сот арачылары Летби айым бир баланы өлтүрүүгө үч жолу аракет кылганын, ал эми дагы бир чүрпөгө укол менен аба киргизип өлтүргөнүн угуп, үрөйлөрү учуп отурушту.

Анын сотуна айрым наристелердин ата-энелери да келип, катышышты. Жонсон соттук ишти ачып жатып, Честер ооруканасы Британиядагы көп ооруканалардын бириндей эле киши көп каттаган, жалпы медициналык кызмат көрсөткөн оорукана болгонун айтты.

Бирок башка ооруканалардан айырмаланып, Честер ооруканасынын балдар бөлүмүндө бала ууланткыч иштеген. "2015-жылдын январына чейин бул оорукананын балдар бөлүмүндөгү өлүмдөр башка бөлүмдөгүлөрдөй эле", - деди Никсон.

"Бирок андан кийинки 18 айда бөбөктөрдүн өлүмү көбөйүп жана олуттуу кырсыктар көбөйгөн".

Lucy Letby court sketch

Сүрөттүн булагы, Julia Quenzler/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Люси Летби Манчестердин королдук сотунда

Жонсондун айтымында, балдар өлүмү көбөйүп жатканын оорукананын консультанттары байкап калып, каза тапкан наристелердин саламаттыгы кескин начарлап жатканына тынчсызданышкан.

Медиктер эсин жоготкон чүрпөлөрдүн кээ бирлерине реанимациялык жардамдар жеңилдик бербей, ал эми айрым балдар кандай эсинен танса, тез эле кайра сакайып кетишкенин айтып беришкен. "Бул көрүнүштүн себебин табуу консультанттарга жеңил болгон жок, бирок балдардын мындай саламаттыгынын кескин начарлашы жана өлүмдөрдү иликтеп отуруп алар бул окуялардагы жалпы бир окшоштукту аныктап чыгышкан", - деди ал.

"Бардык окуялардын башын бириктерген нерсе болуп неонаталдык медайымдардын бири Люси Летби экени аныкталып чыкты".

Жонсондун айтымында, бирок медиктер өлүмдөрдүн себебин дагы деле түшүндүрө албагандыктан полиция чакырышып, дыкат иликтөө иликтөө жүргөн. "Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 2015-жылдын ортосунан баштап 2016-жылдын ортосуна чейинки убакта неонаталдык бөлүмдөн кимдир бирөө балдарды инсулин менен ууландырганы бүтүм кылынган", - деди ал.

"Далилдерден улам бирден бир бүтүм кылчу нерсе мындай - кимдир бирөө атайылап бул эки баланы инсулин менен ууландырган".

Сотто айтылган маалыматтар боюнча, бул эки эркек бала эгиздер болгон, алар төрөлгөндөн кийин бир нече күндөн кийин өзүнчө-өзүнчө ууландырылган. Жонсон алардын организмдеги кандын деңгээли коркунучтуу деңгээлге түшүп кеткенин айтып берди. Бирок аттарын F жана L деп атаган бул эгиз балдар өз убагында корсөтүлгөн медициналык жардамдын аркасында тирүү калышкан. Медиктер алардын организмдеги канттын деңгээлинин түшуп кетишинин табигый себептери болушу мүмкүн экенин туура түшүнүшкөн.

"Бирок медиктер түшүнбөй калган башкы маселе бул - бул эки баланы бирөө атайылап инсулин менен ууландырууга аракет жасаган",- деп кошумчалады ал.

Прокурор эч ким балдар ооруканасында наристелерди бирөө өлтүрүүгө аракет кылат деп ойлогон эмес, дейт.

Countess of Chester Hospital

Сүрөттүн булагы, Dennis Turner/Geograph

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Прокурор Ник Жонсон Люси Летби бардык балдардын өлүмүн байланыштарган башкы фигура экенин айтты

"Балдарды ууландыра ала турган шектүү адамдар саны аз эле болчу, себеби неонаталдык бөлүмгө аз гана санда адам баш бага алат", - деди ал.

"Люси Летби ал балдар ууландырганы күнү дежур болгон, биз так ушул медайым ал балдарды ууланткан деп эсептейбиз", - деди Жонсон. Прокурордун айтымында бул эгиз балдардын дагы эки Е жана М аттуу бөбөктөрү төрөлүп, алар дагы ушул эле ооруканада Летбинин колуна түшүп, бирөөсү чарчап калган.

Сотто Летби ал балдарга укол жасап күрөө тамырга атайылап аба киргизгенин жазды. Медицинада бул аба эмболиясы деп айтылат. Прокурор балдар өлүмдөрү кокустук эмес же кадыресе өлүм болбогонун айтып, Летби аларга атайылап аба менен укол жасап, инсулин сайып же өтө көп өлчөмдө сүт берип кыйнап өлтүргөн деди.

Court drawing of Lucy Letby with officers

Сүрөттүн булагы, Julia Quenzler

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Люси Летби бир баланы өлтүрүүгө үч жолу аракет жасаган

Жонсон сотто "наристелерге кол салуунун ар кандай ыкмалары колдонулганын, бирок андай окуялардын баарында Люси Летбинин дежур болгонун" айтты. Сот арачыларына балдарга карата криминал жасалган күндөрдө медайымдар кандай күзөткө чыккан диаграмма сунушталды.

Таблица башында орун алган үч кылмыш Летби дежурствого чыккан күнү орун алганын көрсөттү.

Жонсондун айтымында, таблицаны карап көп кылмыштар түнү болгонун, бирок Люси Летби күндүзгү нөөмөткө которулганы балдар өлүмү күндүзү орун ала баштаганын көрүүгө болот. "17 баланын саламаттыгы начарлаган күндөрү азыр сотттолуп жаткан айым алардын жанында болгон".

Жонсон Летби айым бир эле баланы өлтүрүүгө бир нече жолу аракет жасаганын да айтты. "Айрым учурда ал балдарды биринчи аракетинде эле жок кылган, ал эми кээ бирлерин бир эмес, үч жолу да аракет кылып, өлтүрө алган эмес".

Сотто Летби Честер университетинде медайымдык билим алганын, бир нече жыл мурун квалификация алганы айтылды. Андан кийин неонаталдык болүмдө иштеп, Честерде жашаган. Анын соту эми алты айга чейин созулушу мүмкүн. EK