Климаттын өзгөрүшү: Аптап жана кургакчылыктын жылы

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Navin Singh Khadk
- Role, Environment correspondent, BBC World Service
- Published
Окумуштуулардын айтымында, быйыл дүйнөдө соңку ондогон жылдардагы эң катаал кургакчылык катталып, ал тургай айрым рекорддор жаңылууда. Тез күч алган "капилет кургакчылык" кадимкидей эле көрүнүш болуп калууда.
"Бул жыл түндүк жарым шаарда кургакчылык үчүн "эң мыкты" жыл болуп жатат. Бир эле учурда Түндүк Америкага, Европа менен Жер Ортолук деңизине жана Кытайга таасир эткен рекордго жакын же рекорддук кургакчылык таасирин тийгизүүдө", - дейт НАСАнын улук окумуштуусу Бенжамин Кук.
Башка аймактар да - анын ичинде Чыгыш Африка, Түштүк Америка, Азиянын айрым чөлкөмдөрү жана Австралиянын аймактарына ысыктын кесепеттери тийүүдө, дешет эксперттер.
Эң көп жапа чеккендердин арасында "Африка мүйүзү" (Африканын чыгышында) да бар: ал жерде жамгырдын төрт ийгиликсиз мезгили "соңку 40 жылдагы эң катаал кургакчылыкка алып келди", дейт Аймактык соода блогунун (IGAD) өкүлү Нуур Мохамуд Ших. Бул болжол менен 50 миллион адамдын азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет, дейт ал.
Бириккен улуттар уюмунун Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенциясынын (UNCCD) баяндамасына ылайык, Африка башка континенттерге салыштырмалуу кургакчылыктан эң көп жапа чеккен. Анда 2000-2019-жылдары континентте 134 кургакчылык катталып, анын 70и Чыгыш Африкада болгон деп айтылат.
Кытай быйыл кургакчылыктан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады, анткени ысык аба ырайы кээ бир дарыяларды, анын ичинде Евразия материгиндеги эң узун Янцзы дарыясынын бөлүктөрүн соолутту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сычуань провинциясында гидроэнергетика өндүрүшүнүн көлөмү кескин кыскаргандыктан электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Жергиликтүү чиновниктер айрым суу жолдорунда кеме каттамдары токтотулганын жана алты провинцияда 2 млн гектардан ашык айыл чарба жерлери жабыркаганын айтышты.
Коперник атындагы Атмосфераны мониторинг кылуу кызматынын маалыматы боюнча, Батыш Европада жаан-чачындын көлөмү рекорддук аз көрсөткүчтө жаады, ал эми Иран жана Ооганстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүндө бир жылдан ашык убакыттан бери кургакчылык болуп жатат.
Түштүк жарым шарда болсо Түштүк Америка акыркы жылдары катуу жабыркады.
Кургакчылык 2020-2021-жылдары дан эгиндеринин түшүмүнүн дээрлик 3% төмөндөшүнө алып келди, ал эми Борбордук Чили 13 жылдан бери туруктуу "мега-кургакчылыкты" башынан өткөрүп жатат - БУУнун отчетуна ылайык, бул аймактагы миң жылдыкта эң узак тилсиз жоо.
"Мындан тышкары, Парана — Ла-Плата бассейниндеги 1944-жылдан берки эң катуу кургакчылык Бразилиянын борбордук-түштүгүнө, Парагвай менен Боливиянын айрым жерлерине таасирин тийгизүүдө", - деп айтылат отчётто.
"Капилет каптаган кургакчылык"
Окумуштуулардын айтымында, мурда кургакчылыктын келип чыгышы адатта бир нече сезон же жылдарды талап кылган, бирок көп жерлерде бул көрүнүш өзгөрүп жатат.
Жамгырдын аз жааганы ысык аба-ырайы менен айкалышып, "капилет кургакчылыктарга" себеп болууда - алар бул жайда түндүк жарым шардын кээ бир аймактарында байкалды.
"Биз азыр көрүп жаткан нерсени "капилет кургакчылык" деп атайбыз", - дейт Рожер Пулварти, АКШнын Океан жана атмосфера улуттук администрациясынын улук окумуштуусу.
"Алар бир айдан үч айга чейин созулушу мүмкүн, бирок алар эгин жыйым-терим кызыган учурда же токой өрт коркунучунда пайда болсо, абдан кыйратуучу болушу мүмкүн".

Сүрөттүн булагы, AFP
Бразилия, Сахел, Чыгыш Африка жаракалар зонасы, Индия, АКШнын борбордук бөлүгү, Орусиянын түштүк-батышы жана Кытайдын түндүк-чыгышында "капыс кургачылык" болгону турат.
2022-жылдын аягына төрт ай калганда окумуштуулар быйылкы кургакчылык 2012-жылга сылыштырмалуу жакынкы тарыхтагы эң жаман жыл болот деп айтууга али эрте экенин айтышат.
Климат боюнча 20-кылымдагы каттоо, маалыматтар да толук эмес, ошондуктан кайсы жылы кандай кургакчылык болгонун так айтуу кыйын. Бирок окумуштуулар быйыл ондогон жылдар бою эң кеңири тараган кургакчылыктардын бири болгонун айтышат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Келечек дагы анчалык жаркын эмес.
Климат окумуштуулары көптөн бери глобалдык жылуулануу жаан-чачындын азайып кетип, аба менен топурактын нымдуулугунун төмөндөшүнө алып келерин, анын кесепетинен аярлуу аймактарда кургакчылык коркунучун күчөй турганын айтып келишкен. Ошондой эле алар кургакчылыктын мындан да катаал жана тез-тез болушун күтүшөт.
Эгерде 2100-жылга карата абаны булгоо азайбай, глобалдык жылуулук болжонгондой 3 градуска жетсе - кургакчылыктан келген түшүмсүздүк жана башка экономикалык кесепеттер азыркыдан беш эсе жогору болушу мүмкүн, деп берилет UNCCD'нин быйылкы "Кургакчылык сандарда" отчётунда.
- Ысык-Көлдүн суусуна байкоо салган атайын адистер бар. Адистердин жана жергиликтүу тургандардын көл суусунун азыркы абалы боюнча ойлорун бул шилтемеден көрүңүз: Ысык-Көл эмне себептен тартылып баратат?
"Климаттын өзгөрүшү бул [жылкы] өзгөчө кургакчылыкка кандай таасир этпесин, биз "жылуураак келечекке" жылып бара жатканыбызда даярданышыбыз керек", - дейт НАСАнын кызматкери Бенжмейн Кук.
































