Индияда селфиге түшүп жаткан 11 адамга чагылган тийип, көз жумду

Lightning over Jaipur Жайпурдагы чагылган

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Lightning strikes - seen here over Jaipur - kill dozens in India every year Жайпурда чагылгандан жылына ондогон адамдар каза болот
Published

Жекшемби күнү Индиянын түндүгүндөгү Жайпур шаарына чагылган түшүп, андан кеминде 11 адам каза болду жана башка көп адамдар жаракат алышты.

Жамгыр жаап жаткан учурда адамдар XII кылымда курулган Амер сепилинин мунарасына чыгып селфиге түшүп жаткан.

Ошол убакта мунарада баардыгы 27 адам болгон жана окуя болгон учурда кээ бирлери жерге секирип түшүшкөн.

Жыл сайын чагылгандан 2000дей адам каза болот.

Полициядан билдиришкендей, сепилдин мунарасына чыккандардын көпчүлүгү жаштар болгон.

Штаттын жогорку даражадагы министри Ашок Гехлот кайтыш болгондордун жакындарына компенсация катары 500 миң рупий (6700 АКШ доллары) төлөнүп берилерин маалымдады.

Индияда июндан тартып сентябрга чейин жаанчыл сезон болгондуктан, катуу жаан жаап турат.

Индиянын Метерология кызматынан билдиришкендей, 1960-жылдардан бери өлкөдө чагылган түшүп каза болгондордун саны эки эсеге өскөн. Анын бир себеби - климат кризиси.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, 1990-жылдардын башынан тартып, 1995-жылга чейин чагылганга байланыштуу окуялар 30-40 пайызга өскөн. 2018-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатында 13 саатта эле 36 749 жолу чагылган түшкөн.

Расмийлердин айтымында, дарактар аз өскөн аймактарда чагылган көп түшөт.

Чагылган болуп жатканда эмне кылуу керек?

  • Имарат же унаанын ичине жашыныңыз
  • Ачык, бийик жерлерден качыңыз
  • Эгер жашынганганга эч нерсе таппасаңыз, анда буттарыңызды жыйнап, колдоруңузду тизеңизге коюп, башыңызды катып отуруп алыңыз
  • Бийик же өзүнчө турган дарактардын астына жашынбаңыз
  • Эгер сууда болсоңуз, мүмкүн болушунча тезирээк жээкке чыгыңыз, бирок ачык жерде турбаңыз