Ковид пандемиясы: АКШ 60% эмдөөдөн өттү, Африка - 2%

Published

Вакцинанын көпчүлүк бөлүгүн бай өлкөлөр алып жатат. Америкалыктардын кеминде 60 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алышты. Ар бир 30 секунда сайын бирден европалык эмделүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебреисус дүйнөдө пандемия экинчи жылы да уланып, биринчи толкунга караганда көбүрөөк адам өлүп жатканын айтууда.

Дүйнөнүн калган бөлүгү көңүл сыртында калдыбы?

ДССУнун маалыматтарына караганда, Африкада орточо эсеп менен 200 адамдын ичинен эки адамга жетпегени вакцина алды. Башкача айтканда, 2 пайызы гана ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасын алды.

Вакциналар мыйзамдуу корголушу үчүн анын патенттери болот. Патенттерди алып салуу боюнча учурда кызуу талкуулар жүрүп жатат.

"Түштүк Африка, Индия жана 100дөн ашуун башка өлкөлөр, бизге патенттен баш тартуу макулдугу керек деп билдиришти,"-дейт Түштүк Африканын соода жана өнөр жай министри Ибрахим Пател.

Айрым өлкөлөр, жакыр өлкөлөр вакцинаны өз заводдорунан арзан баада чыгарыш үчүн вакцинанын рецептин да сурап жатышат.

АКШ вакцинага болгон патентти убактылуу алып салуу демилгесин колдоду. Бирок, башка өлкөлөр, анын ичинде Жапония, Германия жана Британия каршы чыгууда.

1990-жылдары да ВИЧке каршы дарыны жакыр өлкөлөрдүн өздөрүндө чыгаруу үчүн патентти алып салуу боюнча да ушундай эле талкуулар жүргөн. Макулдашууга жетүүгө алты жыл убакыт кеткен.

Патент вакцинаны чыгарууга уруксат берилгени менен, ал - ыкмасы же ингредиенти жок рецепти алган сыяктуу.

Аны чыгаруу ыкмаларын да бөлүшүү керек.

Патентти алып салган менен анын чийки материалдарын табуу, жеткирүү маселелери же соода тоскоолдуктары чечилбейт.

Айрым эксперттер вакцинаны тез жеткирүү маселесин чечиш үчүн бай мамлекеттер дүйнөдөгү башка өлкөлөргө көбүрөөк вакцина бериши же экспорттошу зарыл дешет.

Британия жана Евробиримдик өз кезегинде тажрыйбасы менен бөлүшүп, аны катуураак көзөмөлдөгөн лицензиялоо түзүмү болсо дейт.

Оксфорд-АстраЗенека менен Индиянын Серум институтунун ортосундагы кызматташтык сыяктуу лицензиялоо милдеттүү болушу керек жана фармацевтикалык компанияларга компенсация берилиши зарыл.

Вакцина чыгаруучулар патентти алып салууга каршы чыгууну улантып жаткан чакта, сынчылар алардын ачкөздүгүнүн айынан пандемия токтобой жатканын айтууда.

Аларды коргоп, дары-дармек чыгарган компаниялар патентти алып салса, чийки материалдарга болгон суроо-талап өсүп, ар бир компанияда вакцина чыгаруу иштери жай жүрүп калат деп эскертүүдө. (КС)