You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сириядагы президенттик шайлоо
Сирияда президенттик шайлоо өтөт. Бул жарандык согуш башталгандан берки экинчи шайлоо. Өлкөнүн бардык провинцияларында шайлоо бекеттери ачылды деп кабарланды.
Президент Башар Асад жыйырма жылдай убакыттан бери бийликте турат. Жарандык согуш учурунда анын таасириндеги атайын кызматтар көптөгөн оппозициялык активистти кыйноого алып, өз билемдик менен жазалап, камакка алган.
Шайлоодо Асадга атаандаш катары чыккан Махмуд Ахмед "Демократиялык оппозициялык фронтту" жетектейт. Андан тышкары Социалистик партиядан экс-депутат Абдалла Саллүм Абдалла бар. Бирок байкоочулар бул жолу дагы Башар Асад төртүнчү мөөнөткө президент болуп каларынан күмөн санашпайт.
Мындан он жыл мурун сириялыктар демократияны талап кылып көчөгө чыккан. Бирок анын ордуна согуш жана талкаланган өлкөнү алышты. Бийликте мурдагыдай эле авторитардык башкаруучу турат. Жаңжалга Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрү, Орусия, Түркия жана Батыш дагы тартылып, мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы курч гуманитардык кризиске алып келди.
Өткөн жылдын мартынан тарта Сирияда согуштук аракеттер токтоду. Ошону менен согуш бүттү деп айтууга болбойт. Асад өлкөнүн чоң бөлүгүн көзөмөлүнө алганы менен аны жеңүүчү катары атоо азыр эрте. Өлкө төрт аймакка бөлүнүп турат. Асаддын күчтөрү Сириянын үчтөн экисин көзөмөлүнө алды (2013-жылга салыштырсак, өлкөнүн бештен бирин гана көзөмөлдөп турган). Анын ичинде негизги сегиз шаар - Дамаск, Алеппо, Хомс, Хама, Латакия, Тартус, Дераа жана Дейр-эз-Зор бар.