You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Татарстан: мектепте ок атылып, 11 киши набыт болду
Казан шаарындагы №175 мектепте ок атылып, жергиликтүү медиа агенттиктери 11 адам каза тапканын кабарлашууда. Тактала элек маалыматка ылайык, ок чыгарган бир куралчан кармалды, экинчиси "жок кылынды".
Интерфакс менен ТАСС агенттиктери ички булактарына таянып, 11 киши каза тапканын жазып чыгышты. Алгач бир адам каза болгону маалымдалган.
Белгисиз куралчандар мектептин жанында ок чыгарганы айтылган. Андан соң жардыруу болду. Орусиянын медиасы окту 17 жаштагы өспүрүм бала чыгарганын кабарлашууда. Ал камакка алынды.
"Мектепке эки куралчан кол салды. Алардын бири кармалды. Экинчиси мектептин үчүнчү кабатында жок кылынды",-деп айтты Интерфакстын ички булагы.
Казан шаарынын мериясы мектептеги окуучулар эвакуацияланганын билдирди. "Еду в Татарстан" телеграм-каналында жарадар болгон окуучуларды мектептен алып чыгып жатышканын көрсөткөн видео тарады. Коомдук медиага тараган башка видеолордо, окуучулар терезеден секирип түшүп, качып жатканын көрүүгө болот.
Окуядан кийин 12 бала жана бир киши ооруканага жеткирилди.
Татарстандын президенти Рустам Минниханов окуя болгон мектепке келгенин анын өкүлү Лилия Галимова кабарлады. Миннихановдун басма сөз катчысы президент мектептин ичинде жүргөнүн маалымдады.