Орусия аскер бөлүктөрү украин чек арасында: Вашингтон Москвадан түшүндүрмө сурады

Published

АКШнын Мамлекеттик департаменти орусиялык аскер бөлүктөрү Украина чек арасына жакын жерде активдешип жатканын ишенимдүү маалымат катары мүнөздөп, Москвадан түшүндүрмө сурады.

Бул окуя ансыз дагы чыңалып турган Вашингтон менен Москва мамилесине залакасын тийгизе турган факторлордун бири болуп калды.

АКШ Москванын аракетин "Украинага бастырып кирүүгө даярдык катары баалайбы?" -деген суроого Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нэд Прайс жооп берүүдөн баш тартты. Ал Орусиянын коңшусун опузалоо үчүн жасаган аракеттеринин баарына Вашингтонду кабатырланта турганын айтты.

Өткөн аптанын соңунда АКШ президенти Жо Байден телефон аркылуу украиналык кесиптеши менен сүйлөшүп, Вашингтондун колдоосу тууралуу айткан эле. Британ премьери Борис Жонсон дагы Зеленский менен сүйлөшүп, Украинанын аймактык бүтүндүгү жана суверендүүлүгүн колдой турганын билдирген.

Орусия болсо украин чек арасына аскер бөлүктөрүн активдүү жайгатыштыруу менен бул өлкөгө кандайдыр бир коркунуч жарат деген айыптоолорду четке кагууда. Буга чейин Орусиянын аскердик расмийлери Украина менен чектеш аймакта аскерлеринин топтолушун кыштан кийин "текшерүү" иштери экенин билдирген.