Жалын бүрккөн жанар тоо. Сүрөт

Published

Рейкьявиктен анчалык алыс эмес жердеги Фаградальсфьядль жанар тоосу өткөн аптанын аягында козголду. Аскалуу тоодон бир нече метрге созулган жарака кетип, андан лава (вулкандардан бүркүлүп чыккан эриген минералдык масса) атылып чыкты.

800 жылдан бери тынч жаткан вулкан айлана-чөйрөгө күл жана уулуу газдарды бүркүп, зыянын тийгизет деген кооптонуулар болду. Башында аймактагы тургундарга коопсуздук үчүн эскертүүлөр берилген. Бирок вулкан тез эле тынчып калды. Ишембиден тарта ага жакын барууга уруксат берилди.

"Чынында эле бул өтө бир керемет көрүнүш болду,-дейт вулканга биринчилерден болуп жакын баргандардын бири Ульвар Кари Йоханнсон. - Албетте, абдан жагымсыз жыт келип жатат. Бирок мени көбүрөөк ачык кызгылтым түстөгү лава өзгөчө таң калтырды. Мындайды күткөн эмесмин".

Сейсмологдордун айтымында вулкандан болжолу 300 миң кубометр лава агып чыкты. Дүйшөмбүдө токсин газынын жогорку концентрациясынан улам жанар тоого жакын барууга тыюу кайрадан салышты.

*