Алиев менен Пашинян кол алышкан жок, бирок тынчтык тууралуу сүйлөштү

Published

Москвада Орусия, Азербайжан жана Армения лидерлери жолукту

Кремлдеги сүйлөшүүлөр төрт саатка созулуп, жыйынтыгында Тоолуу Карабакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Ильхам Алиев менен Никол Пашинян кездешкен учурда кол берип учурашкан жок жана аягында дагы согушка берген баасы эки башка болду. Азербайжан президенти Карабак чатагын өткөн иш катары карап, жетишилген келишимди кайра карап чыгууга аракеттер болбойт деп айтты. Ал эми Пашинян Тоолуу Карабактын макамын аныктоо менен гана жаңжалды жөнгө салууга болоорун белгиледи. Орусия президенти Владимир Путин Карабакты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн тараптар өкмөттүк жумушчу топ түзгөнүн кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе жаңы чек араларды аныктоо, транспорт түйүндөрүнүн бөгөлүшү жана туткундарды алмашуу тууралуу деп айтылган. Бирок Никол Пашиняндын сөзүнө караганда бул боюнча келишимге жетүүгө мүмкүн болбогондой.

Ильхам Алиевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдө Азербайжан Армениянын аймагы аркылуу транспорт коридорун алуу маселесин көтөргөн. Ал аркылуу Түркияга байланыш түзмөк. Армения болсо Азербайжан аймагы аркылуу Орусия менен түз темир жол байланышына ээ болмок. Жумушчу топ 31-январда биринчи жыйынга чогулат. 1-мартта региондун жаңы транспорттук инфраструктурасы боюнча аткарыла турган иштердин графигин сунушташы керек.

Никол Пашинян үчүн өлкөсүндөгү ички чыңалган саясий абал дагы түйшөлткөн маселе болуп калды. Премьер-министр 2021-жылы мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо дайындоого убадасын берген. Бирок Еревандагы каршылык акциялары токтобой жатат. Митингчилер Пашиняндын Москвага учуусуна дагы тоскоолдук жаратып, аэропорттун жолун бөгөп салууга аракет кылышкан.

Туткундарды жана аскерлердин сөөгүн кайтаруу ноябрдагы келишимде каралганы менен дагы деле аягына чыга элек. Ошондуктан көптөгөн армениялыктар үчүн жанга баткан маселе болуп калды. Жаңы армян-азербайжан чек арасы боюнча дагы суроолор көп.

Армян оппозициясы Пашинянды улуттук кызыкчылыкты сатты деп айыптап келет. Орусия баш калаасында дагы аны элчиликтин алдындагы митинг менен тосуп алышты.

Азербайжан президентинин андай ички саясий маселеси жок. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияга туруп, шарттарды жана талаптарды коюп жаткандай. 6-январдагы видео кайрылуусунда Азербайжан лидери Степанакертке Армениянын тышкы иштер министри барганына ачууланды. Карабак толугу менен Бакунун көзөмөлүнө өтпөгөнү менен эл аралык деңгээлде Азербайжандын аймагы катары таанылганын эске салды. Ошондуктан армян тараптан ким болсо дагы Азербайжан бийлиги менен макулдашпай туруп барбашы керек дейт Алиев.

Муну менен Баку Армения менен Карабак ортосундагы байланыш согушка чейинки форматта болбой турганын кыйытты. Деген менен Степанакертти Армения менен байланыштырган Лачин коридору беш жыл орусиялык тынчтык күчтөрүнүн көзөмөлүндө болот.

Арменияны жаңы согуш менен коркуткан Азербайжан бийлиги аймагын калыбына келтирүүгө активдуү аракет жасоодо. Маалыматтарга караганда Бакунун көзөмөлүнө өткөн Зангелан менен Шушага курулуш материалдары ташылууда. Ильхам Алиев Шушаны өлкөнүн жаңы маданий борбору кылуу планы тууралуу айтты.

Ошону менен катар эле 1993-жылы үйлөрүн таштап чыгып кеткен жарандары арасында сурамжылоо жүргүзүп, эми Азербайжандын карамагына өктөн айылдарына барууга даярдоодо. Качкындар 20 жылдан ашуун убакыттан бери башкалкалап келген үйлөрдү 44 күндүк согушта каза тапкандардын үй-бүлөсүнө берүү планы айтылды.