You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Сталиндин дөнери": талкуу жараткан тез татым жайы
7-январда Орусия баш калаасы Москвада "Stal'in Doner" аталышындагы тез татым жайы ачылып, дароо эле маалымат каражаттары менен коомчулуктун көңүлүн бурду.
Көптөр тез татым жайы Иосиф Сталиндин образын колдонгонуна маани берди. Полиция жазууну алып салууну талап кылган. Укук коргоочулар болсо репрессия курмандыктарын коргоо боюнча мыйзам жок экенине нааразы болушту. Ал эми орусиялык жазуучу Захар Прилепин тез татым жайын колдогон акция уюштурду.
"Stal'in Doner" тамактануучу жайында советтик кол башчынын чоң портрети дагы илинип турат. Ал эми тамактардын тизмесинде маселен, "Бериядан ткемала соусу менен", "Хрущевдин сыр менен лавашы" сыяктуу аталыштар бар. Ал эми кафенин кассири болсо НКВД кызматкеринин формасын кийип алган.
Кафенин ээси Станислав Вольтман тамактануучу жайдын мындай тематикада ачылышын тарыхка кызыга турганы менен түшүндүрдү. Ошол эле кезде "эч кимди мазактоо" максаты жок экенин, "нейтралдуу жасалгалоо болгонун" айткан.
Тамактануучу жай ачылгандан кийин эле полиция жазууну алып салууну талап кылып, электр жарыгын өчүрүп салган. Бирок жазууну алышкан эмес жана учурда тез татым жайы жабык турат.
Сталиндин портретинин илинишине каршы чыккандардын бири "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси Ян Рачинский болду. Анын пикиринде, тез татым жайды жабуунун кереги жок. Маселе репрессия курмандыктарын коргоого алган мыйзамдын жоктугу.
"Бийлик мурдагыдай эле кылмыштуу режимге так баа берүүдөн качып келүүдө. 2011-жылы репрессия курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу программасында коомдук аталыштарга террордун уюштуруучуларынын ысымдарын колдонбоо деген пункт бар эле. Тилекке каршы талкуу учурунда документтеги ушул пункт жок болуп кеткен",-деп айтып берген Рачинский "Такие дела" басылмасына.