Орусиялык депутаттардын талкууга түшкөн билдирүүсү: казак активисттери ЕАЭБден чыгууга үндөдү

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Орусиядагы башкаруучу "Единая Россия" партиясынын депутаты телеберүү учурунда "Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек" деп айтканы боюнча талкуулар токтобой жатат. Казакстанда оппозициялык активисттер мындай айыптоого жооп кылып өлкөнү Евразиялык Экономикалык Биримдиктен чыгууга үндөдү.
Эске сала кетсек, 10-декабрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Вячеслав Никонов телекөрсөтүү учурунда сүйлөп жатып, "Казакстандын аймагы Орусия тараптан берилген чоң белек" болгонун айткан. Эки күндөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жолдоп, "айрым орусиялык саясатчылардын чагымчыл билдирүүлөрү ортодогу алакага зыянын тийгизерин" белгилеген. Казак өкмөтү орусиялык расмийлердин бул сыяктуу билдирүүлөрүнө чара көрүүгө чакырды.
Казакстан парламентинин депутаты Бахитбек Смагул Мамлекеттик Думаны чагымчылдыкка жол берди деп айыптады. Сенаттын эл аралык мамилелер жана коопсуздук комитетинин төрагасы Мухтар Кул-Мухаммед орус депутатынын айткандарын "саясий жоопкерчиликсиздик жана кемсинтүү" катары баалады.
13-декабрда Алматыдагы орусиялык консулдуктун кеңсесине бирөөлөр "Түндүк Казакстан - казактын жери" деген плакатты илип кеткен.
Андан соң Орусиянын Мамлекеттик Думасынын атынан КМШ иштери боюнча комитетинин төрага орун басары Виктор Водолоский кайрылуу жасап, Орусия Казакстандын суверенитетин толугу менен тааныйт жана мындай түшүнбөстүктөр болбошу керектигин айтты.
Бирок 14-декабрда дагы бир Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федоров "Казакстанга кеткен жерлерди кайтаруу" тууралуу катуу билдирүү жасап жиберди. Казакстандык оппозициялык активист Жанболат Мамай орусиялык саясатчылардын айткандарына жооп кылып, өлкөнү ЕАЭБ курамынан чыгып кетүүгө чакырууда.
17-декабрда Кремль расмий үн катып, КазТАГ агенттигине Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берди.
"Конституция боюнча Орусия Федерациясынын тышкы саясатын президент аныктайт",-деген Песков. (AbA)

































