Коронавирус: Оксфорд менен "Спутник V" вакцинасын бириктирүү аракети

Published

Орусия менен Британиянын окумуштуулары Оксфорд университети менен AstraZeneca компаниясы биргелешип чыгарган вакцинаны "Спутник V" вакцинасына бириктирүү үчүн изилдөө жүргүзөт. Адистер бул кадам вакцинанын Covid-19 вирусуна каршы натыйжалуулугун жогорулатат деп үмүттөнүүдө.

Эки окшош вакцинаны аралаштыруу иммундук системанын вируска каршы күрөшүн күчөтүшү ыктымал. Орусияда жүргүзүлгөн сыноого 18 жаштан жогору болгон ыктыярчылар катышат, бирок канча киши эмделери белгисиз.

Оксфорд университети жакында эле вакцинасы коопсуз экенин далилдеген изилдөөнү жарыялаган. Учурда вакцина Британиянын дарыларды тескеген мекеме тарабынан текшерилүүдө.

Анализ

Жеймз Галлагер, Саламаттыкты сактоо жана илим боюнча кабарчы

Эки вакцинаны аралаштыруу натыйжалуубу?

Эки вакцинаны аралаштыруу дарынын таасирин күчөтөт же иммундук система вирустан узагыраак мөөнөткө коргоп калат деген үмүт бар.

Оксфорд университети AstraZeneca компаниясы менен биргеликте чыгарган вакцинасы менен "Спутин V" вакцинасы окшош система менен иштейт. Экөө тең зыянсыз вирустардын жардамы менен коронавирустун генетикалык кодун денеге жеткирет.

Бирок мында бир жагдайды эске алыш керек. Биринчи эмдөөдөн кийин экинчи дозанын таасири азайып калышы мүмкүн. Себеби, иммундук система биринчи эмдөөдөн кийин эле вирус менен күрөшө баштайт. Дал ушул себептен Оксфорд университети биринчи эмдөөдө дозанын жарымын гана берүү, үч аптадан кийин вакцинанын толук дозасын алуу кыйла натыйжалуу экенин айтып чыккан.

Окумуштуулар башка вакциналарды аралаштырып көрүүнү дагы көздөп турушат.

Британияда чыгарылган вакцина менен Орусиянын Гамалея институту чыгарган "Спутник V" вакцинасы окшош экени айтылууда. Себеби алар Sars-CoV-2 вирусунун найзадай болгон протеиндердин генетикасын колдонот.

Эки вакцина Pfizer-BioNTech чыгарган вакцинадан айырмаланып турат. Бул компания чыгарган вакцина бир катар өлкөлөрдө каттоодон өттү.

Ал эми "Спутик V" вакцинасын Орусия биринчилерден болуп август айында каттаган. Бирок бул вакцинанын үчүнчү баскычтагы клиникалык сыноолору жыйынтыктала элек. Ага карабастан Орусия жапырт эмдөө жараянын баштады.