Индиядагы илдет: бейтаптардын канынан оор металл табылды

Ооруканага жүздөгөн кишилер түшкөн

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооруканага жүздөгөн кишилер түшкөн
Published

Индиянын бийлиги өлкө түштүгүндөгү Элуру шаарына медициналык эксперттер тобун жөнөттү. Өткөн дем алышта аймакта белгисиз илдеттен бир киши каза таап, беш жүзү ооруканага кабылган эле. Негизинен бейтаптардын көбүндө кусуу, калтыроо жана эсин жоготуу белгилери байкалды деди дарыгерлер.

Штаттын саламаттыкты сактоо министри Кали Кришна Шринавас суунун же абанын булганышынан болушу мүмкүн дегенди да четке кагып, лабораториялык изилдөөлөр гана буга так жоопту берет деген.

Бирок башкаруучу "Бхаратия жаната" партиясынын депутаты Нарасимха Рао жергиликтүү басылмаларга алдын ала анализдер тууралуу кабарлады. Делиден барган эксперттер жүргүзгөн анализде бейтаптардын канынан коргошун, никель жана башка оор металлдар аныкталды.

Расмийлер анализ жүргүзүлгөн баш калаадагы илимий изилдөө институтунда атайын адистер кырдаалды изилдеп жатканын билдирди. Оппозициялык "Телугу Десам" партиясы массалык уулануу болгонун айтып, ачык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.

A ward in hospital
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаарга жакында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери келет

Индиялык PTI маалымат агенттиги шейшембиде ооруканага кабылган бейтаптар саны кыскарганын кабарлады. Табышмактуу илдеттин белгилери менен бир күндө 73 киши ооруканага жаткырылды. Жалпысы болуп 562 киши дарыгерлердин жардамын алды.

Делидеги медициналык институттун окумуштуулары оор металлдар кишинин организмине кантип киргенин аныктоого аракет кылууда. Аймактагы суунун, азык-түлүктүн үлгүлөрүн текшерүүгө алып кетишкен. Франс пресс жазгандай, айрым чиновниктер жергиликтүү айыл-чарбасында колдонулган химиялык кошулмалар оорунун себеби болушу мүмкүн деп болжоп жатышат.

A map showing Eluru in Andhra Pradesh state

Жергиликтүү тургундар болсо таштандылар тазаланбай келгенин айтып, балким жапайы камандардан жуккан илдет деп да шекшип турат.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын көбү эсин жоготкон маалда травма алып калышкан. Илдет жугуштуу эмес деп ишендирди Элуру бийлиги.