АКШ коронавируска каршы 100 млн кишини эмдейт

Published

Улуу Британия Covid-19 илдетине каршы вакцинаны колдонууга уруксат берген биринчи өлкө болуп калды. АКШ болсо кийинки жылдын февралында 100 млн жаранды эмдөөдөн өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Бирок эки өлкөдө тең бийлик тургундарды этияттык чараларды бекем карманууга чакырды.

АКШ өкмөтүнүн илимий кеңешчиси Монсеф Слауи жаңы жылдан кийин (февралда) коронавируска каршы эмдөөдөн 100 млн америкалык өтө турганын убада кылды. Деген менен америкалык бийлик азырынча Moderna менен Pfizer/BioNTech компаниялары иштеп чыккан эки вакцинаны тең колдонууга уруксат бере элек. Бул маселе кийинки аптада ишке ашуусу мүмкүн.

Ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) директору Роберт Редфилд кыш мезгили өлкө үчүн өтө чоң сыноо болуп каларын эскертти. Ошондуктан карантин чараларын талаптагыдай сактоо зарыл. Азыркы маалда Covid-19 илдетинен АКШда күн сайын эки миңдей киши көз жумуп жатат. Инфекциядан жабыркаган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турууда.

"Декабрь, январь жана февралда бизди оор мезгил күтүүдө. Менимче, биздин өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын тарыхындагы эң оор күндөр болуп калышы ыктымал",-деди Редфилд.

Ал ортодо Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптанын аягынан тарта коронавируска каршы эмдөөнү баштоого тапшырма берди. Орусиялык окумуштуулар иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасы колдонууга чыгарылат.

Германия болсо жалпы улуттук локдаунду 10-январга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Испанияда жаңы жылдык майрамдарда 10 кишиден ашуун чогулууга тыюу салынды. Андан сырткары жүйөөлүү себеби жок туруп, аймактан аймакка барууга дагы уруксат жок.

Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясы эки күндүк жыйын өткөрүп, коронавирус пандемиясына каршы күрөштү, анын коомго, экономикага, соода жана туризмге тийгизген кесепеттерин талкуулайт.

Жыйын видео конференция аркылуу өтүп, дүйнөнүн 53 өлкөсүнүн президенти, 39 премьер-министр жана өкмөттүн 38 өкүлү катышмакчы. Андан тышкары жыйынга АКШнын жана Кытайдын саламаттыкты сактоо министрлери катышат.