You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: Меркел дүйнөнү вакцина менен тегиз камсыз кылуу маселесин көтөрдү
Германиянын канцлери Ангела Меркел дүйнөдөгү жакыр мамлекеттерге коронавируска каршы вакцина жетпей калышы мүмкүн экенин эскертип, "Чоң жыйырманын" саммитинде вакцинаны адилеттүү таратуу маселесин көтөрдү.
Меркел айым бул көйгөйдү Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянс менен талкууга аларын дагы кошумчалады. Германиянын лидеринин айтымында, дүйнө калкын вакцина менен тегиз камсыз кылуу иштеринде жылыштар жокко эсе.
Меркелдин кайрылуусуна чейин АКШда айрым тургундар 11-декабрдан тарта Covid-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн алат деген кабар тарады.
Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматына ылайык, 58,2 миллион киши Covid-19 вирусуна кабылды, 1,38 миллион адам көз жумду. АКШ, Индия, Бразилия, Франция жана Орусия коронавирус эң көп катталган өлкөлөр.
Бай мамлекеттер эмитен эле коронавируска каршы вакциналарды алдын ала сатып алышкан. Ошондуктан дүйнөнүн айрым лидерлери жакыр мамлекеттерге жетиштүү жардам көрсөтүлбөй жатканын айтышууда. Мисалы, Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун планета калкын вакцина менен тегиз камсыз кылуу үчүн иштеп чыккан долбооруна 4.5 миллиард доллар дагы деле топтоло элек экенин белгиледи.
"Чоң жыйырманын" саммитинде дүйнөнүн эң бай мамлекеттери коронавирус түзгөн экономикалык кыйынчылыктарды жайгаруу үчүн жакыр өлкөлөргө жардам берүү убадасын дагы беришти. Бирок так кандай жардам сунушталары так айтылган жок. Пандемиядан улам Сауд Арабиясын уюштурган жыйындар виртуалдуу өттү.
Жыйында вирусту аныктоочу тесттерди жана дары-дармекти өндүрүү тууралуу дагы сөз болду.