"Мусулман аялдарга гана баш кошкула": Орусиядагы талкууга түшкөн чечим

Published

Орусия мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин "мусулмандар исламды карманган гана аялдар менен никеге туруусу керек" деген фатвасы кызуу талкууга түштү.

Башка динди кармагандар менен никеге турууга болбойт. Мындай учурлар муфтийдин чечими менен гана болот деп эскертилген. Анын себеби катары эки башка динди кармангандар баш кошсо, бала тарбиялоодо, балага динди таанытууда чоң кыйынчылыктарга туш болору көрсөтүлөт. Уламалар кеңеши "үйдө негизинен бала тарбиялоодо аял кишинин коломто ээси катары балага таасири чоң болоорун", бала сырткы кебетеси атасына окшош болгону менен дили энесинин таасири аркылуу калыптанаарын белгилейт. Мындай болгондо "келечек муундар атасынын дининен алыстап", "мусулман тамыры соолуп калышы мүмкүн".

Уламалар кеңеши эгерде башка диндеги кыз мусулман жигитке турмушка чыгып жатса, анда мусулманчылыкты кабыл алышы керек дейт. Орусия Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Диляра Ахметова ТАСС агенттигине өлкө аймагында конфессионалдык никеге тыюу салган фатва 2019-жылы эле кабыл алынганын тастыктаган.

Башка мусулман уюмдары муну менен макул эместигин айтып жатышат. Мисалы, Орусия мусулмандарынын диний уюму буга макул эмес.

"Биз Уламалар кеңешиндеги бир туугандарыбыздын чечимине сый-урмат менен мамиле кылабыз. Бирок Куранда айтылгандан ашыкча эч нерсе кошумчалай албайбыз. Алла Таала ыйык китептердеги адамдар менен никеге уруксат берет", - деди РИА Новости агенттигине аталган уюмдун муфтийи Альбир Крганов.

(Ыйык китептердеги адамдар: исламда иудаизмдин, христианчылыктын жана сабиундун жолун жолдогон адамдар. Алардын Тора, Забур, Инжил деген ыйык китептери бар.)

Ошону менен бирге эле аталган уюм мусулман аялдар башка диндеги эркектерге турмушка чыгышына ислам укук бербейт деп эсептейт. Анткени эркек киши үй-бүлөнүн башында туруп, баарына жооп бергендиктен, ал диндар киши болушу керек. Тагыраагы, мусулман болушу зарыл.

Татарстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин катчысы Рустам Нургалеев Орусиянын муфтияты бүт өлкөдөгү мусулмандардын кызыкчылыгын дайыма эле камтый бербейт деген пикирде. "Алардын чечими өзүнүн рухий багыттары жана муфтийлери бар чөлкөмдөргө тиешеси жок",- деди ал.

"Биз, салттуу ханафий агымын кармангандар конфессионалдык никеге уруксат беребиз. Башкача айтканда мусулман иудей, христиан менен баш кошо алат. Буга эч кандай тыюу салынган эмес",-деген Нургалеев "Интерфакс" агенттигине.

Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгесине парламентте дагы сын-пикирлер айтылды.

Мамдуманын Үй-бүлө, аялдар жана балдар маселеси боюнча комитетинин төрага орун басары Оксана Пушкина "Говорит Москва" радиосуна берген маегинде мындай чечим Орусиянын элин бөлуп-жарууга алып барат деп айткан.

Ал эми иудей коомчулугу муфтияттын чечимине түшүнүү менен карай турганын билдирет. Москва синагогасынын раввини Исаак Коган Daily Storm басылмасы менен маегинде "иудей мыйзамдарында дагы жөөттөр жөөттөргө гана баш кошсун же ким биздин динди кабыл алса гана" деп айтылганын мисал тарткан.

Орусиянын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын орун басары Дамир Мухетдинов билдирүү жасап, Орусия светтик мамлекет болгондуктан мындай чечим диний жамааттардын өзүнүн ички мүнөздөгү иши экенин жана ал биринчи кезекте диний эрежелерди сактоого умтулган мусулмандарга багытталганын белгилейт.

"Сөздүн түз маанисинде алганда анын укуктук күчү жок, анткени (шариаттын негизинде жашаган башка кээ бир мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып), аларды аткарбай койгону үчүн эч кандай жоопкерчилик же жаза каралган эмес. Уламалар кеңешинин диний чечимдеринде адамдын Кудай алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө сөз болууда, башкача эмес",-деп айтылат Мухетдиновдун билдирүүсүндө.