You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Калмык: суу сактагычта кырылган балыктар
Жекшембиде Калмыктагы суу сактагычтын жээгинде жайнап өлүп жаткан балыктар тууралуу тасма аймакты чуу түшүрдү. Аны жергиликтүү тургундардын бири тартып алган. Балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону иликтенүүдө. Муну Орусиянын прокуратурасы жана Тергөө комитети көзөмөлүнө алды.
Коомдук сайттарда Аршан-Зельмен суу сактагычынын жээгинде өлүп жаткан балыктар тууралуу сүрөттөр жайнап чыгууда. Суу сактагыч республиканын Сарпинск районунда жайгашкан.
"Жыты өтө жаман...суунун үстү өлгөн балыктарга толгон",-дейт тасмага тарткан Санчир Горяев.
Калмыктын жетекчиси Бату Хасиков видео жарыялангандын эртеси эле бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Суу сактагычтагы абалды иликтөө үчүн эксперттик топ түзүлгөн.
"Эртең эрте менен окуяга болгон жерге барып, иликтөөнүн биринчи тыянактары менен таанышам. Аймактын тургундары реалдуу кырдаалды расмий булактардан билиши керек",-деди республика жетекчиси.