You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ооган өкмөтү менен талиптер ортосундагы сүйлөшүүлөр: ок чыгарбоо келишимине чакырыктар
Ооган өкмөтү "Талибан" кыймылы менен биринчи тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ок чыгарбоо келишимине чакырды. Эки тарап Катардагы тарыхый сүйлөшүүлөрүн баштады.
Ооганстандын өкмөт өкүлү, Тынчтык кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла "согуш аркылуу эч тарап жеңишке жетпейт" деп белгиледи. "Талибан" кыймылы болсо убактылуу тынчтык жөнүндө сөз кылган жок. Бир гана Ооганстан исламдын шарият мыйзамдары менен башкарылышы керек экенин белгиледи.
АКШ эки тарапты тынчтык келишимине жетүүгө үндөп, "дүйнө жүзү силердин ийгилигиңерди тилеп турат" деп кошумчалады.
Тарыхый сүйлөшүүлөр 12-сентябрда башталган. Ооганстанда кырк жылдан бери согуш токтобой келет. 2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек.
19 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы мурда жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алган. Би-Би-Синин иликтөөсү талиптер Ооганстан аймагынын 70 пайызында активдүү иш алып барарын аныктаган.
2001-жылы согуш башталгандан бери АКШ башында турган коалиция 3500 аскерин жоготту. Алардын 2300 америкалык аскер. Февраль айынан бери эле өлкөдө 12 миң жайкын тургун мүрт кетти.
Сүйлөшүүлөр эмнеге маанилүү?
Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы биринчи жолу бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Буга чейин талиптер ооган өкмөтүн АКШнын "куурчагы" деп атап, жолугушуудан баш тартып келген.
Жекшемби күнү сүйлөшүүлөр башталган Ооганстандын Тынчтык кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла тез арада ок чыгарбоо келишими зарыл экенин белгиледи.
Талиптердин лидери молдо Барадар Ахунд сүйлөшүүлөр "сабырдуулук менен алдыга жылат" деп үмүттөнүп турганын айтты. Талиптер "көз карандысыз, бирдиктүү жана Ислам системасы орногон" Ооганстанды курууну көздөп турганын айтышты.
Тынчтыкка жетүү канчалык татаал?
Сүйлөшүүлөргө катышып жаткан тараптар мунаса табууда кыйынчылыктар бар экенин мойнуна алышты. Өзгөчө аялдардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер көз жаздымда калат деген тынчсыздануулар бар. Мунаса табуу жараянында аялдар четте калат деген сын-пикирлер эмитен эле айтылууда.
Талиптер болсо Ооганстандын келечеги боюнча өз саясий долбоорун сунушташы керек. Буга чейин "Талибан" кыймылы өлкөдөгү саясий түзүлүш тууралуу так идеясын айта алган эмес. Бир жагынан талиптер "исламдашкан" мамлекетти курууну каалап турганын айтып, ошол эле учурда бул өлкө "инклюзивдүү" болушу керек деп келген.
1990-жылдан бери "Талибан" кыймылы канчалык өзгөрдү деген кызуу талкуу дагы жүрүп жатат. Ал учурда талиптер өлкөнү шариат мыйзамдары менен башкарган, зордук-зомбулук күчөп, аялдардын укугу тебеленген. Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөр талиптер канчалык өзгөргөнү боюнча да кабар бермекчи.