Беларустагы "тилин тишине каткан" телеканалдар

Published

Беларустагы телеэфир 1990-жылдары эле мамлекеттин монополиясына өткөн. 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин телеканалдар каршылык жүрүштөрү тууралуу такыр сөз кылган жок. Бирок журналисттер арасында иш таштоого барып, жумушунан бошоп кеткендер болду.

Беларустагы телевидение - бул үч компания. "Белтелерадиокомпания" холдинги (же БТ; негизги каналдары "Беларусь-1" жана "Беларусь-24"), "Улуттук экинчи канал" компаниясы ("Жалпы улуттук телевидение" же ОНТ), ошондой эле "Баш калаа телевидениеси" (СТВ телеканалы).

Алардын күндүзгү берүүлөрү адатта мындай: таңкы шоу, ден соолук боюнча программалар, аймак таануу боюнча көп сандагы репортаждар жана беш минуталык жаңылыктар. Негизги контент - анчалык кымбат эмес болгон орусиялык жана атамекендик сериалдар.

Жаңылыктар берүүсү сөзсүз Александр Лукашенко менен башталып, анан калган кабарларга өтөт. Эл аралык саясат "ал жакта баары чатак" деген принцип менен берилет.

Шайлоодон кийинки нааразылык жүрүштөрү мамлекеттик каналдарды өтө оор абалга кептеди. Анткени алар эч нерсе болбогондой берүүлөрүн уланта бериши керек болду. Ошон үчүн дыйканчылык боюнча, күүлдөп иштеп жаткан заводдор тууралуу көрсөтүштү. Ошондой эле өлкөнүн "сырткы душмандары" тууралуу маалыматтар көп берилүүдө.

Маселен, "Беларусь-24" БЕЛАЗдын цехтерин көргөзүп, "иш таштоо тууралуу маалыматтар фейк экенин", кадимкидей иш жүрүп жатканын көрсөткөн.

Деген менен мамлекеттик каналдарда августтун орто ченинен тарта маселе жарала баштады. БТ кызматкерлери жана башка телеканалдардын кызматкерлери иш таштап, нааразылык билдиргенге өттү. Алар өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга маани берилбей жатканына нааразы болушкан.

15-августта БТ жамааты каналга ээлик кылган кишилер жана каналдын жетекчилиги, президент Лукашенконун басма сөз катчысы менен жолукту. Интернетке тарап кеткен тасмадан жолугушуу өтө оор маанайда болгонун болжоого болот. Мамлекеттик каналдын кызматкерлери эмнеге өлкөдөгү болуп жаткан окуялар чагылдырууга тыюу салынып жатканын сурашты. ОМОН тарабынан митингчилерге көрсөтүлгөн зомбулук тууралуу бир дагы кеп кылынбаганын айтып, чындыкты айтып чыгууга мүмкүнчүлук берүүнү суранышкан.

Бирок жолугушуудан кийин бир катар журналисттер, анын ичинде техникалык кызматкерлер дагы иштен кетти.

21-августта Лукашенко беларустун ТВ каналдарына иштөө үчүн Орусиядан адистер чакырылганын айтты.

"Бул алдыңкы телеканалдарда иштеген алты же тогуз киши. Биздин жаштар алар кандай иштегенин көрүшсүн",-деген президент.

Анын бул сөзүнөн кийин дароо эле орусиялык Russia Today журналисттери келип баштаган. БТнын айрым кызматкерлери чыны менен эле Russia Today компаниясынан эки техникалык бригада келгенин ырастайт.