Орусиядан алынган аскер учактары: Индиянын Кытай менен мамилеси бузулду

МиГ-29

Сүрөттүн булагы, TASS

Published

Индиянын Коргоо министрлиги Орусиядан МиГ-29 үлгүсүндөгү 21 аскер учагын сатып алууда. Мындай абал Кытай менен чек арасындагы кырдаал курчуп турган маалга туш келди.

Курал соодасында Индия Орусиянын мурдатан келе жаткан негизги өнөктөшү саналып жүрөт. Бирок кийинки мезгилде индиялык базарда жаңы оюнчулар пайда болуп, Москванын позициясын алсыраткан эле.

Орусиялык учактардан сырткары Hindustan Aeronautics Limited индиялык компаниясы чыгарган Су-30МКИ үлгүсүндөгү 12 оор аскер учагын алууну пландап жатат. Бул компания дагы орусиялык лицензия менен иштейт. Келишимдин баасы 1,4 миллиард доллар.

Ушул жылдын июнь айынын этегинде Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингх үч күндүк иш сапары менен Москвага келген. Ал Кызыл аянттагы парадга катышкан көп сандагы чет элдик коноктордун бири болду. Ошондо бир катар орусиялык аскер жетекчилери менен жолугушту. Орусия 2018-жылы дагы Индия менен С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча келишим түзгөн эле. Бул жолку сүйлөшүүлөрдө ушул келишимди тез арада аткаруу тууралуу сөз болгонун айрым басылмалар жазып чыкты.

Кытай дагы Орусиянын стратегиялык өнөктөшү саналат. Ал биринчилерден болуп С-400 сатып алган өлкө. Мындан сырткары Орусия Кытайга жаңы үлгүдөгү Су-30 саткан.

Кытай менен Индиянын тиреши эмне?

Быйыл жай айында Кытай менен Индия ортосундагы мамиле курчуп кетти. Гималайдагы талаштуу жерде болгон аскерлердин мушташынан кийин Кытай жана Индиянын тышкы иштер министрлери бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратты.

Кашмирге жакын жердеги Ладакх провинциясындагы чек арада болгон мушташтан кеминде 20 индиялык аскер кызматкери каза тапкан. Күбөлөр эки өлкө чек арачылары союл, башына мык кагылган таяктар менен мушташканын айтып беришкен. Ок атуучу курал колдонулган эмес. Индия-Кытай чек арасындагы бул чөлкөмдө соңку 45 жылдан бери биринчи жолу аскерлер каза тапкан окуя катталды.

Чыңалуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери түз сүйлөшкөндөн кийин бир аз басаңдады. Окуя Кытайдын Тибет жана Индиянын Ладакх аймактарынын ортосунда жайгашкан Галван өрөөнүндө болгон. Бул аймак стратегиялык жактан манилүү деп эсептелет. Чек ара тилкесиндеги аймактарга Кытай дагы, Индия дагы көп каражат коротуп, инфраструктурасын өнүктүрүүгө умтулууда. Ошондуктан курулуш иштеринде эки тарап бири-бирин айыптаган учурлар көп. Анткени кандай курулуш болсо дагы алар бири-бирине тактикалык жактан үстөмдүк кылуу аракети катары түшүнөт. Чыңалуу ушундан улам пайда болду.

Пакистан менен чек ара

Индия чек арасындагы дагы бир тынч эмес аймактардын бири - Кашмир. 2019-жылы февралда Индия Кашмирдин Пакистанга таандык аймагына аба соккуларын жолдогон. Чабуул "Жаиш-э-Мухаммад" ("Мухаммеддин армиясы") тобунун жоочулары машыккан лагерге багытталганын билдирген эле. Аталган топ ушул эле жылы 14-февралда болгон жардыруунун жоопкерчилигин өзүнө алган болчу. Кол салуудан индиялык 46 аскер кызматкери мүрт кеткен. Индия дал ушул окуяга жооп кылганын айтты. Бул 1971-жылдагы согуштан бери биринчи жолу Индия чек арадан өтүп, аба соккусун жолдогон окуя болуп калды.

Пакистандын абадан коргонуу күчтөрү бир индиялык аскер учагын айтып түшүрдү. Бул эскирип калган МиГ-21 учагы экени белгилүү болгон. Пакистан тараптан америкалык өндүрүштөгү F-16 үлгүсүндөгү жаңы учактар абага көтөрүлгөн.(AbA)