Союлдар, башына мык кагылган таяк: Кытай менен Индия аскерлери эмнеге мушташты?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Гималайдагы талаштуу жерде болгон аскерлердин мушташынан кийин Кытай жана Индиянын тышкы иштер министрлери бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү таратты.
Кашмирге жакын жердеги Ладакх провинциясындагы чек арада болгон мушташтан кеминде 20 индиялык аскер кызматкери каза тапкан. Күбөлөр эки өлкө чек арачылары союл, башына мык кагылган таяктар менен мушташканын айтып беришкен. Ок атуучу курал колдонулган эмес.
Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар "Кытай чек ара аймагындагы Индияга таандык жерге курулуш баштаганда жаңжал чыгып кеткенин" билдирди. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министри Ван И "индиялык аскерлер биринчи болуп кол салган" деп айтты. Расмийлер аймактагы кырдаалды жайгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Индиянын расмийлери ырастагандай, мушташ учурунда үч жоокер каза тапкан. Жаракат алган аскерлер "бийик тоолуу жерде катуу суукта кыймылсыз көпкө жатып калганы", көпчүлүгү ооруканда көз жумган айтылды.
"Эки тараптан тең жоготуулар бар. Кытай тарап кеминде 40 аскеринен айрылды",- деп жазды индиялык басылмалар. Бирок Кытай бийлиги мушташ болгонун ырастап, жоготуулар тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Сүрөттүн булагы, AFP
Окуя Кытайдын Тибет жана Индиянын Ладакх аймактарынын ортосунда жайгашкан Галван өрөөнүндө болгон. Бул аймак стратегиялык жактан манилүү деп эсептелет. Индиялык басылмалар айгышкан мушташта 20 индиялык аскер, кеминде бир офицер катуу сабалып, сууга ыргытылган болушу мүмкүн деп жазууда.
Индиянын аскер жетекчилери кабарлагандай, жаңжалда Кытай тараптан 300дөй, индиялык аскерлерден 55 киши катышкан.
Тараптар акыркы жолу бири-бирине ок аткан учур 1975-жылы болгон. Анда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Аруначал-Прадеш штатындагы окуяда төрт индиялык аскер каза тапкан эле. Окуяны ар кандай сүрөттөп жүрүшөт. Айрымдар буктурма болгон десе, кээ бир маалыматтарда кокустук сыяктуу айтылат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Мушташ буга чейин дагы катталып келген. Май айында Индия менен Кытай чек арага бир нече миң аскер күчтөрүн жайгаштырды. Дели бул чөлкөмдөгү 38 миң чарчы километр индиялык аймакты Кытай оккупациялап алган деп билдирген.
6-июндагы сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар кырдаалды тынчтык жолу менен жайгарууну макулдашкан эле. Ошондон кийин эки тарап тең аскер күчтөрун алып чыга баштады.
Жаңжалдын себеби

Жаңжалга эки тараптын стратегиялык максаттары себеп болууда деп айтууга болот.
Чек ара тилкесиндеги аймактарга Кытай дагы, Индия дагы көп каражат коротуп, инфраструктурасын өнүктүрүүгө умтулууда. Ошондуктан курулуш иштеринде эки тарап бири-бирин айыптаган учурлар көп. Анткени кандай курулуш болсо дагы алар бири-бирине тактикалык жактан үстөмдүк кылуу аракети катары түшүнөт. Чыңалуу ушундан улам пайда болду. Соңку окядан кийин БУУ эки тарапты сабырдуу болууга чакырды. (AbA)































