Ташиев кеткенден кийин Кыргызстанда сын айткандарга басым азайдыбы? IPHR уюмунун жаңы баяндамасы

Ташиев-Жапаров

Сүрөттүн булагы, www.occrp.org

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанда бийликти сындаган журналисттерге, блогерлерге, активисттерге карата куугунтук уланып жатат. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча өнөктөштүк уюмунун (IPHR) жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада өлкөдөгү сөз эркиндиги, жарандык коом жана тынч жыйындарга байланыштуу абалга баа берилген.

Уюмдун маалыматына караганда, 2026-жылдын март айынын августтун ортосуна чейинки мезгилде айрым оң көрүнүштөр болгону менен, бийликти сындаган адамдарга карата кылмыш иштерин козгоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу тажырыйбасы токтогон эмес.

Баяндаманын авторлору УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бийликтен кеткен маалга көңүл бурушкан.

Ташиев президенттин жакын саясий өнөктөшү катары таанылганын, ал атайын кызматты жетектеп турганда бийликти сындаган адамдарды "жазалоо" кампаниясы күч алганын эске салган.

IPHR эл аралык уюму Камчыбек Ташиев кызматтан алынса да, мурдагыдай эле сынчыл көз караштагы адамдарга карата кысым уланып жатканын белгилеген.

"Ташиев кызматта турган учурда бийликти сындагандарга каршы кампанияны жетектегендиктен, анын кызматтан кетиши алгач сынчыл пикир айткандарга карата мамиле өзгөрүшү мүмкүн деген үмүт жараткан. Бирок айрым чектелүү мүнөздөгү оң өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, сынчыл пикир билдиргендерди куугунтуктоо боюнча кеңири тенденция сакталып калды", - деп айтылат баяндамада.

IPHR журналист Махабат Тажибек кызынын ишин мисал келтирген.

Temirov Live жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы 2024-жылы "Массалык башаламандыктарга чакырык" беренесенинин негизинде алты жылга абакка кесилип, быйыл 23-мартта эч кайда кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Уюм бирок анын иши кайра баштан райондук сотто каралып жатканын, акталбаганын жазган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баяндамада "кастыкты козутуу" айыбы менен Фейсбуктагы пикири үчүн 2024-жылы үч жарым жылга соттолгон Каныкей Аранованын иши да айтылган. Аранова кылмыш жоопкерчилигине тартылышына себеп болгон билдирүү "фейк" аккаунттар аркылуу жарыяланганын айткан. Жалгыз бой мигрант эненин жакындары анын жашы жете элек кызы бар экенин жүйө келтирип, соттон жаза мөөнөтүн кызы чоңойгондон кийин өтөшүн өтүнүп келишет. Жогорку Сот бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Ошол эле учурда IPHR баяндамага камтылган мезгилде бир катар резонанстуу иштер боюнча оң чечимдер да болгонун да белгилейт.

Буга Бишкек шаардык соту мурда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн кастыкты козутууга айыпталган журналист Баян Жумагулованы актаганын мисал келтирген.

Бишкек шаардык соту 26-мартта медиа дизайнер Эрнис Жээнтаев "экстремисттик" материалдарды тараткан деген айып боюнча актаган. Ал эми "бийликке баш ийбөөгө" жана "башаламандыкка чакырык жасаган" деген айып боюнча өкүм күчүндө калып, төрт жылдык пробация берилген. Ал алты жылга соттолгон болчу.

Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер болсо, май айында президенттин ырайымынан кийин түрмөдөн чыккан. Адилет Балтабай жапырт башаламандыкка айыпталып, беш жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.

Кытай жана жер маселеси

IPHRдин баяндамасында 2026-жылдын жай айларында чет элдик инвестициялар, өзгөчө Кытай менен байланышкан экономикалык долбоорлор жана мамлекеттик жерлерди узак мөөнөткө пайдаланууга берүү боюнча талкуулар күчөгөнү да белгиленет.

Июль айында президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Кытай, жер маселеси тууралуу "жалган маалымат" таратып, бийликти "каралагандар" кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Анын билдирүүсүндө ондогон укук коргоочулардын, активисттердин, журналисттердин, адвокаттардын жана оппозиция өкүлдөрүнүн сүрөттөрү жана жеке маалыматтары жарыяланган. Алардын айрымдары Кытай же жер маселеси тууралуу эч кандай билдирүү жасабаганын айтышкан.

Бул билдирүүдөн кийин жерди чет элдик инвесторлорго узак мөөнөткө берүүгө каршы чыккан айрым активисттер суракка чакырылган, айрымдары камалган.

Мисалы, активист Азамат Баяманов чет элдик инвесторлорго жер берүүгө каршы видеолорду жарыялагандан кийин кармалып, жапырт башаламандык уюштурууга көмөктөшкөн деген айып менен камакка алынган. Саясий активист Мавлян Аскарбеков болсо Кытайдын Кыргызстандагы бизнес таасири күчөп жатканы тууралуу сын айтканы үчүн кармалып, ага кастыкты козутуу боюнча айып тагылган.

Бийликтин позициясы

13-августта Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго интервью берип, анда адам укуктары, сөз эркиндиги жана сот адилеттиги сакталып жатканын билдирген.

Садыр Жапаров "популист" саясатчылардын жолун жолдогон айрым активисттер жана журналисттер бийликти жөнү жок сындап, элди көчөгө чыгууга үндөгөндүктөн, аларга мыйзам чегинде чара көрүлүп жатканын айткан.

"Система түзүлдү да. Мыйзамдар өзгөрүлдү. Президенттик башкаруу болду. Жоопкерчилик пайда болду. Эгерде туура эмес маалымат таратсаң, жооп бересиң, бирөөнүн беделине шек келтирсең, жооп бересиң. Туура эмес маалымат тараткандарды камап жаткандарын көрдүм. Эми аларды мен каматкан жокмун да. Мен камабайм, кама деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Тартип болуш керек да", - деген Садыр Жапаров.

Бул арада күн мурун, 3-сентябрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов "Азаттыкка" маек куруп, бийликке сын айтып, пикирин билдиргендерди жазалоо менен аша чапкан учурлар болгонун билдирди.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча соңку баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 146-сапка жайгашкан.