You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия эл аралык аба каттамдарын КМШга жандантууну көздөйт
Росавиация КМШ өлкөлөрүнө эл аралык аба каттамдарды жандантуу планын билдирди. Бул тууралуу өз булактарына таянып "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.
КМШ өлкөлөрүнө аба каттамдары качан жандана турганы азырынча белгисиз. Июндун башында биринчилерден болуп аба каттамдары Европа багыты боюнча жандана турганы айтылган эле. Бирок 1-июлдан тарта чек араларын ачууну чечкен Европа Биримдиги орусиялыктардын келүүсүнө чектөө киргизери белгилүү болду.
КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Орусия эл аралык аба каттамдарын марттын соңунда токтоткон. Бирок бир катар өлкөлөргө чартердик каттамдар аркылуу мигранттар жеткирилди. Орусия өз жарандарын дагы бир нече өлкөдөн алып келди. Учактар бош барып, мигранттарды салып артка учуп келип турган.
"Ведомости" басылмасы "Аэрофлот" авиакомпаниясы чет жактарга учууларды ишке ашырып жатканы тууралуу жазды. Басылманын маалыматына караганда, кеминде июндун башынан бери "Аэрофлот" Москвадан Франкфурт-на-Майне, Париж, Лондон, Нью-Йорк, Сеул жана Тель-Авив багыты боюнча каттамдарды ишке ашырууда.
"Аэрофлот" буга түшүндүрмө берип, көп учурда жүк тарткан учактар учуп жатканын, эгерде жүк болбой калса, айрым категориядагы жүргүнчүлөрдү Москвадан ташып жатканын айткан.
Орусиянын өзүндө коронавируска байланыштуу кырдаал курч болуп жатат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир аптадан бери Кыргызстан менен Казакстанда дагы вирустун жаңы учурлары көп катталууда. Кыргызстан буга чейин эл аралык каттамдарды ачуу планы белгисиз экенин айткан. (AbA)