Кардарлардын карталарын какшыткан катардагы окуучу

Published

Жапонияда супермаркетте кассада иштеген он алты жаштагы окуучу кардарлардын карталарынын маалыматын жаттап алып, дээрлик жүз миңден ашык доллар уурдаган деп кармалды. Оңой олжого келген акчаны шылуун мектеп окуучусу саякат-сайрандоого жумшаган.

Тергөөчүлөдүн айтымында, Йокогамада супермаркетте кассада жарым күн иштеген мектеп окуучусу сексенден ашуун кардардын карталарынын маалыматын жаттап алып, акчасын уурдап алып жүргөнүн мойнуна алды.

Көрсө, ал өзүнүн досу менен оңой олжо болуп келген акчага биринчи класстагы учактарга түшүп, таксилер менен жүрүп, мейманкаларда жатып сайрандашыптыр. Ал ушундай жыргал сапардын отуздан ашык жолу болгону айтып жатат.

Бир жолкуда ал Жапониянын баш калаасын бүт кайра-кайра айланып чыгып, таксиге эле толтура акчаны төлөгөнүн айтууда. Анын ичинде Токио Дисней резорт парк-курортуна эле эки жолу барган.

Токиодон Осакага 1300 долларга билет алып жаткан жеринен электрондук алдамчылык үчүн айыпталып камакка алынды. Бул жакта америкалык популярдуу фильмдерге арналган Universal Studios Japan сайрандоочу аттракциондор жайгашкан. Ал ага чейин Шанхайга чейин барып келген экен.

Йокогаманын көптөгөн жашоочулары бул окуядан кийин аябай кооптонуп калышты. Бирок ошол эле учурда өспүрүмдүн шумдуктуудай эс тутумуна таң калып талкуулап жатышат.