"Ушул күнү негедир кайыкты дил": кыргыз эли акын уулунан айрылды

Published

Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында дүйнө салды. Аны жакындан билгендер акын оорудан каза тапканын айтууда.

Зайырбек Ажыматов Кыргызстандын эгемен адабиятынын көрүнүктүү өкүлү эле. Анын "Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл), "Жүрөктөгү бороон" (2019-жыл) ыр жыйнактары окурмандардын, адабий сынчылардын бийик баасын алып, элге таанылган.

З.Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Андан кийин "Жаңы Агым" гезитинде эмгектенет. Учурда "Азаттыкта" иштеп жаткан эле.

Акындын жаштыгы жанга жабыры баткан кымгуут жылдарга -90-жылдарга туш келип, анын чыгармачылыгында улуттук иденттүүлүктү издеген, доор алмашкан мезгилдин өйдө-төмөнүнө сереп салган саптар көп кездешет.

"Ушул күнү негедир кайыкты дил,

Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.

Кыргызмын деп мен азыр турган менен,

Кыргыздарга окшобойм байыркы бир" (Кыргыз болгум келет).

"Үзүлүп, үзүлбөгөн үмүт жаман,

Үшкүрүк өчүрбөгөн күйүт жаман.

Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы,

Көгөрүп каяккадыр сүзүп барам" (Жарты кайык).

Зайырбек Ажыматов эгемен адабияттын эң белдүү, таланттуу өкүлү эле. Өткөн аптада жакын досу, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев каза тапканда катуу кайгырып, коомдук сайттар аркылуу билдирүүлөрдү жазып турган. Бүгүн замандаштары акындын өзүн жоктоп, кабыргасы кайышып турат. (AbA)