Ооганстандагы тынчтык келишими: талиптер түрмөдөн бошотулат

Published

Ооганстандын президенти Ашраф Гани "Талибан" кыймылынын абактагы 1500 согушкерлерин бошотууга макул болду. Бул ооган өкмөтү менен талиптер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачмакчы.

Президенттин буйругуна ылайык, түрмөдөн бошотулган талиптер "кайрадан курал көтөрүүдөн баш тартам" деген документке кол коюшу керек. Буга жооп кылып "Талибан" кыймылы бир миң өкмөт аскерин бошотот.

Кечээ күнү эле АКШ "Талибан" кыймылы менен келишимге жеткенден кийин Ооганстандан аскерлерин чыгара баштады. АКШ менен Талибан кыймылы келишимге 29-февралда жетишкен.

Сүйлөшүүлөргө Ооганстандын өкмөтү катышкан эмес. Бирок ооган өкмөтү менен талиптер түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү күтүлүүдө. Буга чейин президент Ашраф Гани сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн абактагы согушкерлерди бошотуу боюнча талап аткарылбайт деп белгилеген. Ага карабастан, дүйшөмбү күнү ант кармаган президент Талибан кыймылынын өкүлү деп камакка алынгандардын бир бөлүгүн бошотуу боюнча буйрукка кол койду.

АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгара баштады

Кошмо Штаттары 135 күндүн ичинде Ооганстандагы болжолу менен 12 миң аскерин 8600гө кыскартууга макул болгон.

Өткөн аптада талиптер Гильменд провинциясында ооган аскерлерине кол салгандан кийин АКШ жооп кылып, согушкерлерди абадан бутага алган. Эки тараптын тынчтык келишими коркунучка кабылган. Бирок дүйшөмбү күнү талиптер деэскалацияга чакырды.

АКШ аскерлерин чыгарып жатканына карабастан, "максатыбызга жетүү үчүн бардык чараларды көрө беребиз" деген билдирүү таратты. АКШ жана НАТО уюму талиптер келишимди урматтаса, 14 айдын ичинде бардык аскерлерди чыгарып кетүүнү көздөп турат.

Келишимге ылайык, Талибан кыймылы ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын токтотуп, экстремисттик Ал-Каида уюмуна баш калкалоочу жай түзүүдөн баш тартат.

Ал-Каида уюму 2001-жылы сентябрь айында Нью-Йорк шаарында террордук чабуул уюштургандан кийин Кошмо Штаттары Ооганстанга аскерлерин жөнөткөн. Ал учурда Ал-Каида Ооганстанда жайгашкан эле. АКШ талиптерди бийликтен түшүргөнү менен, согушкерлер 2018-жылы өлкө аймагынын үчтөн экисинде таасирин орноткон.

2001-жылдан бери 2400 АКШ аскери Ооганстанда каза тапты.

АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатканда өлкөдөгү саясий абал курчуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө коркунуч жаралды.

Өткөн жылы болгон талаштуу президенттик шайлоодон кийин эки саясатчы тең президент катары ант кармады. Өлкөнүн шайлоо комиссиясы добуш берүүдө бийликтеги Ашраф Гани жеңип чыкты деп жарыялаган, бирок Абдулла Абдулла шайлоо бурмаланды деген пикирде.

Эксперттер эки саясатчы ортосундагы атаандаштык "талиптер менен сүйлөшүүдө өкмөттүн позициясын алсыратат" деген эскертүүлөрүн айтышууда. АКШ президенти Трамп болсо Ашраф Ганини ачык колдоду.

"Инклюзивдүү өкмөт куруу жана Ооганстанды бириктирүү өлкө келечеги үчүн абдан маанилүү, өзгөчө тынчтык жөнүндө сөз болуп жатканда",-деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.