Интерполдун мурдакы башчысы коррупцияга күнөөлүү болуп, түрмөгө кесилди

Published

Кытайдын соту Интерполдун мурдакы башчысын коррупциялык кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жарым жылга түрмөгө кести. Кытайдын борбордук телеканалы билдиргендей, Мэн Хунвей мамлекеттик кызматта туруп, эки млн доллардан ашык суммада пара алган.

Өткөн жылы Мэн өзү Кытайдын коопсуздук кызматында чоң кызматта иштеп турганда эки миллион доллардан ашык суммада пара алганын мойнуна алган.

2018-жылы ал Интерпол жайгашкан Франциядан Пекинге келген учурда жок болуп кеткенде эле анын башына көйгөй түшкөнү түшүнүктүү болгон.

Анын алдында эле Мэн өзүнүн жубайына бычактын сүрөтүн жиберип, өзүнүн проблемага туш болгонун кабарлаган.

Ошондон бир аптадан кийин Кытай аны кармаганын ачык билдирген.

Интерполду башкарган биринчи кытай

Мэнди дүйнөлүк полиция органынын башчысы кылып 2016-жылы дайындашкан. Бул дайындоо Пекиндин эл аралык уюмдардагы таасирин жогорулатуу аракети катары каралган.

56 жаштагы Мэн Хунвэй Интерпол жетекчиси болуп тандалган биринчи кытайлык жаран эле. Анын мөөнөтү 2020-жылы бүтүшү керек эле.

Мэн укук коргоо, чек ара, терроризм, баңги бизнесине каршы күрөшүү кызматтарында иштеп, 40 жылдык тажрыйбасы бар эле.

Коммунисттик партия Мэн Хунвэй кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупцияга малынып, партиянын принциптерин тебеледи деп айыптаган. Өткөн жылы соттук угуу учурунда Хунвэй күнөөлүү экенин мойнуна алган. Бирок анын жубайы күйөөсүнүн камалышында саясат бар экенин айтып келди.

Си Цзиньпин жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөш өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир нече жогорку кызматтагы чиновник дайынсыз кетип, кийин камакка алынганы белгилүү болгон.

Дайыны чыкпай кеткендердин арасында мамлекеттик кызматкерлер, миллиардерлер, ал тургай белгилүү кишилер дагы бар эле.

Коррупцияга каршы күрөштүн сынчылары Кытайдын лидери бул күрөшкө жамынып, өзүнүн саясий атаандаштарын жок кылууда дешет. (КС)