You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казакстанда жүргүнчү учак кырсыкка кабылды
Казакстанда Bek Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагы кырсыкка кабылып, кеминде 12 киши каза таап, 35 жүргүнчү жаракат алганы айтылууда. Жаракат алгандардын көбү оор абалда деди дарыгерлер.
Расмий маалыматтарга караганда, Fokker үлгүсүндөгү учак Алматы аэропортунан көтөрүлгөн учурда кырсыкка кабылган. Алматы-Нур-Султан каттамындагы учак болгон. Абага көтөрүлгөн маалда бетон тосмого урунуп, эки кабат имаратты сүзгөн.
Ички иштер министрлиги кырсык болгон жерде 976 куткаруучу жана 33 "Тез жардам" бригадасы иштеп жатканын кабарлады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Кырсык иликтенип, ага жол бергендер жазаланат деди президент.
Bek Air авиакомпаниясында Нидерланддарга таандык Fokker 100 үлгүсүндөгү учактар бар. Кырсыктан кийин Казакстандын бийлиги бул үлгүдөгү лайнерлердин учуусу токтотулганын билдирди.
Fokker 100 учагы 107 жүргүнчүгө ылайыкталган. 1986-жылы 30-ноябрда биринчи жолу абага көтөрүлгөн. Жалпысы болуп мындай үлгүдөгү 283 учак чыгарылган экен.
Алматыда кырсыкка кабылган учак 1996-жылдан тарта ишке берилип, 23,5 жылдан бери жүргүнчүлөрдү тейлеп келгени белгилүү болду.