You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Хабаровск: Он сегиз кыргызстандык арыз жазды
Орусиянын Хабаровск шаарында 12-декабрда атайын багыттагы ОМОН кызматкерлери борборазиялык, анын ичинде кыргызстандык айдоочуларды сабаганы тууралуу маалыматтар тараган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык коопсуздук кызматкерлеринин кыргызстандык айдоочуларын сабаганына байланыштуу нааразылыгын билдирген.
Би-Би-Си Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетовага кайрылып, Хабаровск шаарындагы окуя тууралуу сурады.
Гүлбарчын Байымбетова: Бүгүнкү күндө он сегиз кыргыз жараны расмий арыз жазышты. Биздин жарандар кайрылгандан кийин ыкчам түрдө аракеттер көрүлдү. Бизде Владивосток шаарында кеңсебиз бар, Хабаровск шаарында ардактуу консулубуз бар. Алар жарандарыбыздын арыздарын ыкчам түрдө кабыл алып, жергиликтүү полицияга кайрылган. Ошондой эле Кыргыз элчилиги Орусиянын Хабаровск шаарынын прокуратурасына, Ички иштер министрлигине жана ФСБга кайрылды. Андан тышкары элчилик Орусиянын бийлигине атайын өтүнүч менен кат жөнөттү. Анда ушул окуяны тыкыр иликтеп чыгууну өтүндү жана мындан ары ушундай окуяларды болтурбоого чакырды. Азыр бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.
Би-Би-Си: Сабалган жарандардын акыбалы кандай?
Гүлбарчын Байымбетова: Оор жаракат алгандар жок, бирок медициналык жардам алгандар бар.
Би-Би-Си: Орусия тараптан кандайдыр бир жооп болдубу?
Гүлбарчын Байымбетова: Расмий жооп боло элек, бирок оозеки айткан жооп бар. Алар бул окуяны мыйзамга таянып карап чыгарын билдиришти. Орусия тарап коопсуздук кызматкерлери рейд жүргүзүп жатканын айтты. Бирок тинтүү учурунда ашыкча күч колдонгону боюнча фактылар бар. Ошондуктан биздин жарандар арызданып, элчиликке кайрылган.