You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коомдук сайттардан акча тапкан атактуулар
Маркетинг тармагында иш алып барган Izea компаниясынын айтымында, атактуу адамдын 2014-жылы "Инстаграмдагы" жарыялоосу 134 доллар турса, 2019-жылы 1,642 долларга чыкты. Ошондой эле жаңы баяндамада коомдук медиа аркылуу акча топтогондордун саны өскөнү дагы айтылууда.
Абройлуу Business Insider басылмасы, компаниялар атактуу кишилердин коомдук медиадагы жарнамасынан акчасын аябай калганын белгиледи.
Ага карабастан, бул көрүнүш калыптанып калган жарнама бизнесин сүрүп чыгара албайт дегендер дагы бар.
"Санарип маркетингди оозеки тараган жарнама катары кабыл алсак болот. Ошондуктан мурда калыптанган же салттуу жарнама жоголуп кетпейт, эки бири-бири менен шайкеш иштейт",-дейт коомдук медиа боюнча жарнамаларды жайгаштырган Socialbakers компаниясынын жетекчиси Ювал Бен-Итжак.
Izea изилдөөсүндө 2014-2019-жылдары Facebook, YouTube, Instagram жана ар түрдүү блогдорго төлөнгөн жарнамаларга анализ жүргүзгөн. 100 миң колдоочусу бар коомдук медиада атагы көп чыга элек кишилерден тарта, миллиондогон колдоочусу бар белгилүү актер же актрисалардын жарнамалары каралган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы:
- Instagram сыяктуу коомдук медиада сүрөт аркылуу жарнама кылуу 2018-2019-жылдары гана 44 пайызга өстү.
- 2006-жылы коомдук медиада кыскача блог жазуу жети гана долларга бааланса, 2019-жылы 1,442 долларга чыкты.
- YouTube видеолор эң көп киреше алып келет - 2014-жылы мындай видео жарнама 420 доллар болсо, 2019-жылы 6,700 доллар.
- Мындай тенденция Facebook, Twitter жана блог жазгандар дагы байкалган. Маселен, Facebook сыяктуу платформага жарнама кылып жазуу 2014-жылы сегиз доллар болсо, 2019-жылы 395 долларга чыккан.
Атаандаштык курч болгон коомдук медиа
Учурда коомдук медиада жарнама кылуу үчүн атактуулардын атаандаштыгы курчуп жатканы дагы байкалууда. Дал ушул себептен жарнамаларды тескеген өкмөттүк мекемелер коомдук медиага көңүл буруп жатат.
Өткөн айда Instagram сайтына диета боюнча продукцияларды сунуштаган үч белгилүү кишилерге тыюу салынган. Мындай жарнамаларды Жарнамалардын стандарты боюнча мекеме "жоопкерчиликсиздик" деп мүнөздөдү.
Жылдын башында эле жарнамаларды тескеген мекемелер коомдук медиадагы посттор мыйзамды бузуп жатканын эскертишип, мындан ары көзөмөл күчөтүлөт деп кошумчалаган.
Белгилүү блоггер Зои Сагг, ырчы Рита Ора, модель Роузи Хантингтон-Уайтли сыяктуу 16 белгилүү киши коомдук медиадагы жарнамаларынын багытын өзгөртүүгө макул болгон.
Socialbakers дүйнөдөгү товар сунуштаган компаниялар коомдук медиадагы жарнамалардан акчасын аябайт деп ишендирүүдө. Өткөн жылы эле коомдук медиа жарнамалары 150 пайызга өстү.
2020-жылы коомдук медиадагы жарнама бизнеси 10 миллиард долларга чыгуусу күтүлүүдө. (AT)