You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапон императорунун такка отуруу салтанаты болот
22-октябрда Жапониянын жаңы императорунун такка отуруу салтанатына 174 өлкөдөн эки миңдей мейман катышкан жатат. Анын ичинде британдык канзаада Чарльз, Кытайдын төрагасынын орун басары Ван Цишань жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да бар.
Азыркы император Нарухито 1-майда такка отурган. Ошондо эле ага бийликтин негизги символдору болгон мамлекеттик императордук мөөр жана ыйык кылыч менен кымбат баалуу яшма ташы тапшырылган.
Императордун такка отуруусуна арналган башкы салтанат 22-октябрга жана ноябрга белгиленген. Бирок 12-октябрда кеминде 78 адамдын өмүрүн алган "Хагибис" тайфунуна байланыштуу салтанаттуу парадды 10-ноябрга которушту. Бирок салтанаттын өзү мурда пландалгандай 22-октябрда болот.
Апрель айынын аягында 85 жаштагы император ден-соолугуна жана жаш курагына байланыштуу кызматын аркалай албай калган үчүн тактыдан баш тарткан. Акихитонун 59 жаштагы уулу мураскер Нарухито тактыга олтуруп, таажы кийген. Ошентип, Жапонияда "Рэйва" деген аталыштагы жаңы доор башталды. "Хэйсэй" доору ошону менен бүттү деп саналат.
Жапонияда император саясий бийликке эгедер эмес. Бирок конституция боюнча мамлекеттин бүтүндүгү жана биримдигинин маанилүү символу. (КС)