Дүйнөнүн 60 шаарында өтүп жаткан каршылык акциялары

Published

Экологиялык активисттердин каршылык жүрүшү Лондонго жетти. Дүйнөнүн бир нече ири шаарларында экоактивисттер акция өткөрүүдө.

Лондондогу акцияларга 30 миңдей киши катышып, эки аптага созулары айтылды. Биринчи эле күнү полиция 200 чамалуу кишини кармаган.

Extinction Rebellion (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын каршылык акциясы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө багытталган. Ал Берлин, Амстердам жана Сидней сыяктуу бир нече шаарда өтүп жатат.

Лондондун чок ортосундагы экоактивисттердин баррикадалары полиция менен шаардыктарга ыңгайсыздык түздү. Жүрүшкө чыккандар өкмөттүк имараттардын алдында акция өткөрүүгө аракет кылууда.

Extinction Rebellion бул жолку акциялар апрелде өткөн жүрүштөргө караганда беш эсе масштабдуу болорун билдирди. Жаздагы акциялар учурунда полиция 1100 кишини кармаган.

Кыймыл 2018-жылы негизделген. Алар климат, экологиянын абалы боюнча өкмөттөр өзгөчө кырдаал абалын жарыялап, глобалдык жылуулануу үчүн күрөштө чечкиндүү чараларга баруусун талап кылууда.

Мындай акциялар дүйнөнүн 60 шаарын өтүүдө. Австралия жана Жаңы Зеландиянын полициясы ондогон активисттерди кармады. Сиднейде 30 демонстрантка унаа жолун бөгөп алганы үчүн айып тагылды.

Каршылык кыймылынын символу катары кум сааты тандалган. Бул адамзаттын калган өмүрүн санап жаткандай мааниде көрсөтүлөт.

Каршылык акцияларынын географиясы

Сиднейде демонстранттар негизги унаа жолуна олтуруп алып, каршылыгын билдиришти. Полиция күч колдонуп, жолду бошотту. Мындай мүнөздөгү жүрүштөр Мельбурн жана Брисбенде өттү.

Жаңы Зеландияда бир нече активист мунай жана газ өндүрүүгө уруксат берген өкмөттүк имаратты курчап алган. Полиция аларды таратып, бир нечесин кармады.

Амстердамда кан жолго чатырларды тигип алгандардын элүүсү полиция тарабынан кармалды. Берлинде дагы активисттер жол бөгөшкөн. Бирок бийлик камакка алуулар болбой турганын билдирди. Парижде миңдеген активисттер соода борборуна жыйылышты.(AbA)