Тарыхты тактоо: Полот хан менен Зымбардан эки башка тарыхый инсан

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Би-Би-Си буга чейин Исхак молдо Асан уулу (Полот хан) тууралуу өздөрүн анын түз урпактары санаган кишилер жана аны изилдеп жүргөн окумуштуу менен маек курган. Анда сөз негизинен Полот хан менен эл арасында айтылып жүргөн Зымбардан датка бир эле инсан экени жөнүндө болгон эле.

Көп өтпөй редакциябызга Кадамжайдын Охна айылынан атайын ушул маселе боюнча келген Халил Сабиров жана Ыкыбал Камбарова кайрылды. Алар бул жерде так эместик болуп калганын, Исхак молдо Асан уулунан түз тарган урпактары өздөрү экенин айтышты.

Тарыхчы, окумуштуу Кыяс Молдокасымов бир катар тарыхый документтерге таянып, Полот хан менен Зымбардан эки башка киши болгонун ырастоодо. Окумуштуунун айтымында, адашуулар мына ушул жерден келип чыккан.

Тарыхый ченем менен алганда кечээги эле тарыхты тактоодогу мындай адашуулардын себеби эмне? Өздөрүн баатырдын же хандын урпагы атагандардын талашы кайдан чыгат? Ушул суроонун тегерегинде талкуулайбыз.

К. Молдокасымов: Өткөндө силердин сайтыңарга чыккан макаладагы Полот хандын урпагы катары маек берген кишилер 2014-жылы Кызыл-Кыяда илимий жыйын өткөргөндө келип сүйлөшкөн. Бирок 1994-жылы 150 жылдыгына байланыштуу илимий жыйын өткөргөндө түз урпагы катары мына азыр биз сүйлөшүп олтурган кишилер келишкен эле. Алар болсо келген эмес. Өткөндө алар сүйлөп жатып, Полот хан менен Зымбардан датка бир эле инсан болгон экен деп жатпайбы. Полот хан тууралуу биринчи изилдөө макала жазган Корытов деген орус чиновнигинин эмгеги менен Ташкенттин архивинен таанышкам. Ал киши 1890-жылдардан баштап, Маргалаң уездинде, Кадамжай, Үч-Коргон, Сох аймактарында иштеген жана Полот хан тууралуу, анын урпактары тууралуу жазып калтырган. Анда Зымбардан датка жөнүндө сөз жок. Полот хан жаш кезинде датка деген Кокон хандыгындагы жогорку даражаны алганга үлгүргөн эмес. Негизги жаңылыштык ушул жерден кетип жатат.

Би-Би-Си: Зымбардан датка деген бул тарыхый инсан болгонбу, ал жөнүндө эмне маалымат бар?

К. Молдокасымов: Зымбардан датка Полот хандын жанында жүргөн кызматкер болгон. Анын казынасын кармаганы айтылат. Бул тууралуу азыр бизге Халил аксакал дагы айтып берсе керек. Айылда аксакалдар санжыра боюнча, башка айтылган тархый маалыматтар менен муну тастыкташат.

Х. Сабиров: Молдо Исак (Полот хан) бабабыз айылдан үч кишини жанына ээрчитип кеткен деп айтылат эл арасында. Буйругун жаздырганга Бухарадан диний билим алып келген Молдо Мүсүр дегенди алып кеткен экен. Андан башка Календар бий дегенди кеңешчи кылат. Ошолор менен катар Зымбардан датканы дагы алып кеткени эл ичинде айтылып жүрөт. Бул киши Полот хандын жакын санаалашы болгон экен. Биз мурдатан эле Полот хандын урпактары экенибизди тааныгандардын баары эле жакшы билишет. 1994-жылы Полот хандын 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий жыйынга чакырылганбыз. Кийин эстелик орнотобуз дешкенде каржылык көмөгүбүздү көрсөткөнбүз. Ошон үчүн башкача чечмелене баштаганда, чыдабай, атайын келдик силерге.

Би-Би-Си: Тархый ченем менен алганда 19-кылымдын соңу кечээги эле болгон окуя сыяктуу эмеспи. Бирок эмне үчүн ушул доорго таандык тарыхты тактоодо так эместиктер бар? Урпактар арасында талаш туудурган пикирлерге эмне себеп?

К. Молдокасымов: Талаш тартыштар болуп келген. Ата-тегибизди тактайбыз деп ысымы окшош болсо эле, ошону менен келип талаша берген мисалдар бар. 2014-жылы дагы "Полот хандын урпагы бизбиз" деп чыккандар болгон. Кийин биз алардын бабасы такыр башка инсан экенин түшүндүрүп бердик. "Тилекмат акенин урпагыбыз" деп Чоң-Алайдан дагы аксакалдар келишкен. Биз түшүндүрүп бергенден кийин, алар дагы бизге тиешеси жок экен деп кетишти. Мурдакы президентибиз Алмазбек Атамбаев дагы чоң атам Полот хандын кол башчысынын түз урпагы болгон деп келген. Кийин биз архивдик документтер менен тактап бердик. Полот хан башында турган көтөрүлүш 1874-жылы башталганда эле анын ата-бабасы Чүй өрөөнүндө жашап жүргөнүн архивден көрсөтүп бердик. Биз тарыхчылар ошол мүчүлүштүктөрдү оңдоп, түздөп жазууга аракет кылып келе жатабыз.

Би-Би-Си: Бул эми ата-тегин мансаптуу, баатыр кылып көрсөтүү далаалаты кыргыз коомуна мүнөздүү эле маселеби же башка өлкөлөрдө дагы кездешеби?

К. Молдокасымов: Бул коңшу өлкөлөрдө дагы бар. Маселен, "Фергана хандарынын тарыхы" деген китептин автору Зиябидин Максымды теги бизден деп өзбектер жазып келишет. Буга чейин молдо Калбек деген кыргыздын Чоң багыш уруусунан чыккан мыкты акынды өздөрүнө таандык кылып жазып келишкен. Ушундай эле талаш Чыңгыз хан тууралуу жазылып жүрөт. Ар кайсыл жерде ушундай талаш бар. Кээде өз ата-тегинин кадыр баркын артыруу үчүн дагы ушундай апыртмалуу тарыхка байлап жиберишет.

Би-Би-Си: Ыкыбал, сиз Полот хандын түз урпагы экениңизди айтып жатасыз. Азыр өзүңүз талкууда күбө болгондой, талаштардын көбү далилдүү документтердин жоктугунан чыгып жүрөт. Үйдө эмне сөз болчу эле?

Ы. Камбарова: Атам көзү өткөнчө эле айтып жүрдү. Ага чейин чоң аталарыбыз дагы айтып келишкен экен. 1994-жылы Ош мамлекеттик университетинде Полот хандын 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий жыйынга атамды, туугандарыбызды чакырышкан. Ошон үчүн Полот хан менен Зымбарданды бир инсан катары көрсөткөн пикирлер айтыла баштаганда, биз дагы буга пикирибизди билдирели деп келдик.

Би-Би-Си: Халил аксакал, Кыяз агай айтып жатпайбы молдо Асан деп кийин орус куугунтугунан урпактарын сактап калуу максатында атын жашырышканын, Полот хандын атасынын азан койгон аты Идирис болгонун.

Х. Сабиров: Молдо Асандан (Идирис) үч бала калган: туну молдо Айдар, ортончусу молдо Сали, кичүүсү молдо Исак (Исхак, Полот хан деп таанылган). Айдардан беш уул болгон, Салиден туяк калбаптыр. Ал эми Полот хан деп элге таанылган молдо Исактан (Исхак) Маматалы, андан Камбар, Садыр, Адил, Адилден ушул эки кыз - Бактыгүл, Ыкыбал.

Маекти толугу менен бул жерден көрүңүз: