Бишкектеги беш жылдыздуу "Шератон"

Published

Бишкекте дүйнөдөгү атактуу бренддердин бири, беш жылдыздуу "Шератон" мейманканасы ачылды. Бул окуяны Кыргызстандагы туристтик потенциалдын өнүгүүсүн көрсөткөн өзүнчө бир көрсөткүч катары карап жатышат.

"Туризм бүгүнкү күндө эң чоң секторлордун бирине айланып келатат. "Шератон" отелинин бүгүнкү күндө Кыргызстанга келишин дагы өлкөнүн ичиндеги туризмдин өнүгүүсүнүн бир далили катары айтсак болот",-деди Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

Бишкекте соңку жылдары тейлөө тармагы жакшы өнүгүп, кафе-ресторан менен катар жаңы-жаңы мейманканалар көп курулууда. Алар эң оболу салык төлөп, жумушчу орун түзгөнү менен экономикага пайда алып келүүдө. Мейманканалардын андан башка дагы тикелей жана кыйыр пайдасы көп дейт адистер.

"Мындай жогорку сапаттагы мейманканадан дүйнөнүн кайсыл бурчунан кандай мейман келбесин, кайсы динде болбосун, ал өзүнө ылайык тамакты таба алат. Анын ашканасында сапаттуу тамактар даярдалат. Аларга жашылча-жемиш, эт, сүт керек. Ошонун баарысы биздин жашылча-жемиш өстүргөн, сүт өндүргөн фермерлерден сатып алынат. Биздин өлкөгө бай туристтер, ишкер адамдар келет,"-дейт бул тармакты жакшы билген ишкер Разак Сайдилканов.

Бул түрк ишкерлери Кыргызстанда курган биринчи мейманкана эмес. Мындан көп жыл мурун кыргыз-түрк ишкерлери биригип, Түркиядан биринчи алынган кредитке Бишкекте "Ак-Кеме-Пинара" деп аталган мейманкана курушкан. Курулуп бүткөндөн кийин эки ишкер талашып, арты чырга айланып, акыры аны кыргыз өкмөтү өзүнө өткөрүп алган. Бул мейманкана азыркы учурда дээрлик банкрот болуп, конок көп келбей томсоруп турат.

Жаңы курулган "Шератондун" дагы ээрчиген чыры бар. Аны жакын турган көп кабаттуу үйгө тийиштүү жер участогуна курулду деп талашып, укук коргоо органдарына арыз берилген. (КС)