Түркиянын бийликтеги "АК" партиясы ичинен ыдырап баштадыбы?

Published

Президент Эрдогандын "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы ("АК") жакында эле 18 жылдык мааракесин өткөрдү. Бирок дал ушул учурда партиянын жогорку даражадагы өкүлдөрү тил табыша албай, бөлүнүп-жарылып жатканы тууралуу кабарлар чыгууда.

Быйыл Түркиянын бийликтеги "АК" партиясы Стамбул шаарындагы муниципалдык шайлоодо эки жолу утулуп калган. Март айында өткөн жергиликтүү шайлоодо Эрдогандын партиясы күтүлбөгөн жерден үч чоң шаардан утулду. Бирок башкаруучу "АК" партиясы добуш берүүдө бурмалоо болгонун айтып чыгып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ошентип кайра экинчи жолу шайлоо өткөн болчу.

Бул жыйынтык Эрдоган үчүн чоң сокку болду. 17 миллион чамалуу калкы бар Стамбул өлкөнүн каржы жана экономикалык борбору болуп саналат. Бул шаарда Эрдоган саясий карьерасын баштап, 1994-жылы шайлоону утуп чыгып, мэр болуп иштеген.

"Стамбулда жеңишке жеткен адам, Түркияда жеңишке жетет",-деген чакырыгы ошондо айтылган.

Стамбулдагы жергиликтүү шайлоодо эки ирет жеңилгенден кийин, партиянын расмийлери ортосунда ич ара келишпестиктер пайда болгону айтылууда. Эми "АК" партиясынын үч өкүлү жаңы саясий партия түзүүнү демилгелеп жатканы маалымдалды.

"Айрымдар оор жүктү көтөрө албай, биздин куттуу жолубуздан адашып кетти",-деди Эрдоган партиянын 18 жылдык мааракеси белгиленип жаткан иш-чарада.

Талдоочулар болсо жакынкы айларда Эрдоган жаңы партия түзгөнү жаткан саясатчыларга маалыматтык согуш баштайт деп божомолдошууда. Аларды эмитен эле "чыккынчы" деп айткандар бар.

Ким бөлүнүп кетүүнү каалап жатат?

Айрым маалыматтарга ылайык, "АК" партиясынын үч өкүлү партиянын "мыйзамга, сөз эркиндигине жана экономикалык саясатына" нааразы болууда.

Мурдагы премьер-министр Ахмед Давутоглу президент Эрдоган менен кайчылаш пикирде болгону үчүн 2016-жылы май айында кызматтан кеткен. Көп өтпөй Давутоглу президенттик системаны сындап, "АК" партиясы "реформачыл ойдогу системага" кайтып барышы керек деген пикирин билдирген болчу.

"Биз тартипти каалайбыз. Жаңы саясий багытты, жаңы түшүнүктү көздөйбүз. Анда бири-бирибизди чыккынчы деп атоого жол берилбейт. Биз жаңы багытты баштадык",-деген эле Давутоглу.

Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Али Бабажан дагы июль айында кызматтан кеткен. Бабажан жаңы саясий партия түзүү планы бар экенин ачык жарыялаган. Айрым жергиликтүү медиа агенттиктери аны мурдагы президент Абдуллах Гүл колдоп жатканын жазып чыгышты.

"АК" партиясынын 18 жылдык мааракесине дал ушул үч саясатчы чакырылган эмес жана иш-чарада бул саясатчылардын партияга болгон салымы тууралуу эч сөз айтылган жок. Бул кадамга партиянын айрым өкүлдөрү нааразы болушту. Анткени Давутоглу, Бабажан менен Гүлдүн партияны жеңишке жеткирүүдө салымы көп болгон.

"Эгерде өз тарыхыбызды четке каксак, анда бул кыймыл аягына чыгып бара жатканынан кабар берет. Жагабы же жакпайбы тарыхты эч ким өзгөртө албайт",-деди Давутоглу.

"АК" партиясы болсо иш-чарага эң жакын санаалаштар гана чакырылганын маалымдады. Ал эми Эрдоган "башка кызыкчылыктар" үчүн партиядан чыгып кеткендер "жеңилди" деп кайрылуу жасады.

"Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын таржымалы

"АК" партиясы 2001-жылы 14-август айында түзүлүп, 2002-жылы ноябрда бийликке келген. Андан бери бул партия бийликтен түшпөй келет.

Партиянын негиздөөчүлөрдүн бири Абдуллах Гүл 2007-жылы өлкөнүн 11-президенти катары тандалган. Жети жылдан кийин 2014-жылы Түркиядагы биринчи президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган жеңишке жеткен.

"АК" партиясы бийликке келгенден бери экономикалык өсүү болуп, жергиликтүүлөр партияны колдогон эле. Бирок 2013-жылдан тарта өкмөткө каршы нааразылыктар күчөп келди. (AT)