24 саат ичиндеги эки кол салуу: шектүү карындашын дагы аяган эмес
Огайонун Дэйтон шаарындагы ок атуудан каза тапкан тогуз кишинин арасында кол салууга шектүүнүн карындашы - 22 жаштагы Меган Беттс дагы бар, деп кабарлады жекшембиде аймактын полициясы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШда удаа болгон кол салуудан кеминде 27 киши мүрт кетти. Дэйтондогу кол салуудан бир нече саат мурун Техас штатындагы Эль-Пасо шаарында ушундай окуя катталды. Бул окуяны полиция "ички терроризм" катары иликтөөгө алууда.
Дэйтондо ок чыгарган киши дароо эле полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.
Коннор Беттс жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:07де шаардын борбордук бөлүгүндөгү Орегон районундагы көчөдө ок чыгарган. 27 киши ооруканага түштү.
Gun Violence Archive уюмунун маалыматына караганда, АКШда жыл башынан бери 251 ирет куралдуу кол салуу болгон. Мындай категорияга төрттөн көп киши каза тапкан окуялар кирет.
Ок аткан киши
Огайонун Дэйтон шаарындагы кол салууга шектүү катары 24 жаштагы Коннор Беттстин ысымы аталды. Коннор Беттстин кол салууга барган себеби белгисиз. Жекшембиде полиция анын үйүн тинтүүгө алды. ММК жарыялаган маалыматтарга караганда, Беттстин карындашынын дагы унаасында жигити менен чогуу сөөгү табылган.
Ал эми Техастагы соода борборунда болгон кол салуудан 20 киши мүрт кетти. Жергиликтүү бийлик муну "ички терроризм" катары илктөөгө алууда. Буга шектүү катары 21 жаштагы тургун кармалган. Окуя болгон аймак Мексика менен чек арада.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Маалыматтарга караганда шектүү кылмышка барардын алдында коомдук сайттагы баракчасына "кол салуу Техаска латын америкалыктардын басып кирүүсүнө жооп болот" деп жазган. Кайрылууда март айында болгон Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салганы үчүн айыпталган австралиялык жаранды колдоо максатын билдирген.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ага оор айыптар тагылып, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал Walmart соода борборунда ок чыгарган. Бул учурда борбордо киши көп болгон. Полицияга өз ыктыяры менен колго түшүп бергени кабарланды.
Америкалык басылмалар шектүүнүн ысымын Патрик Крусиус деп жазууда. Ал Даллас районундагы Аллен шаарында жашаган. Бул шаар Эль-Пасо шаарынан миң чакырым алыстыкта. (AbA)
































