АКШ окуучулары куралга каршы акция өткөрдү

Published

Ак үйдүн алдында ондогон өспүрүмдөр курал сатууну көзөмөлгө алуу талабы менен акция өткөрүштү. Алар акция учурунда бир нече убакытка жерде сулк жатышкан.

FEBRUARY 19: Demonstrators lie on the ground a 'lie-in' demonstration supporting gun control reform near the White House on February 19, 2018 in Washington, DC. According to a statement from the White House, 'the President is supportive of efforts to improve the Federal background check system.', in the wake of last weeks shooting at a high school in Parkland, Florida

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мындан беш күн мурун Флорида штатындагы мектепте ок атуу болуп, 17 киши мерт кеткен эле. Бул 2012-жылдан берки эң кандуу окуя болуп калды. 2012-жылы Сэнди Хук мектебине кол салуудан 26 киши каза тапкан.

Жерге сулк жатып акция өткөрүү идеясы мектеп окуучулары Элеанор Нехтерлайн менен Уитни Боуэнге тиешелүү деп кабарлады Си-эн-эн.

Башында алар жетектеген "Өспүрүмдөр курал сатууга көзөмөлдү катаалдаштыруу үчүн" деген топ түзүп, 17 киши жыйнап Ак үй алдындагы тротуарга үч минута жатып акция өткөрүүнү чечкен. Эмнеге үч минута? Анткени мектепке кол салган 19 жаштагы Николас Круз үчүн 17 кишини атып салууга үч минута жетиштүү болгон.

Teens For Gun Reform Hold Protest At The White House

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак үйдүн алдында ондогон өспүрүмдөр курал сатууну көзөмөлгө алуу талабы менен акция өткөрүштү.

Уюштуруучулар жакын досторун, тааныштарын акцияга катышууга чакырган. Бирок коомдук сайттар аркылуу тарап олтуруп, акцияга жүздөн ашуун киши келди.

Акциянын катышуучуларынын айрымдары тротуарга жатып, Флорида мектебиндеги картинканы көрсөтүп турушту. Калгандары "Мен кийинкиминби?", "Мыйзамды конгресс кабыл алабы же куралчандардын улуттук бирикмеси кабыл алабы?" деген лозунгдарды кармап турушкан.

Teens For Gun Reform Hold Protest At The White House

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп курал сатып алып жаткан кишилердин өздүгүн текшерген системаны жакшыртууга макулдук берди. Трамп бул маселени мыйзам долбоорун жазып жаткан республикачыл-сенатор Жон Корнин менен талкуулаган.

Мыйзам долбоорунда курал сатып алуу боюнча эч кандай жаңы чектөөлөр жок. Бирок тыкыр текшерүү жагы каралган.

17 кишини атып салган Николас Круз куралды мыйзамдуу жол менен сатып алган. Америкалык ММКлар тараткан маалыматта, Круз түрдүү үлгүдөгү жети ок атуучу курал сатып алганы айтылат. Болгондо дагы 2016-жылы психикасында мандеми бар деп, социалдык кызматтардын көзүнө түшкөнүнө карабастан, анын курал сатып алуусунда маселе болгон эмес.

Demonstrators chant during a 'lie-in' demonstration supporting gun control reform near the White House on February 19, 2018 in Washington, DC. According to a statement from the White House, 'the President is supportive of efforts to improve the Federal background check system.', in the wake of last weeks shooting at a high school in Parkland, Florida

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол эле учурда мугалимдерди курал менен камсыздаш керек деген идея көп жылдардан бери эле айтылып келүүдө. Бирок бул дагы талаштуу маселе.

"Мектеп эч качан аскердик аракеттердин талаасына айланбашы керек",-деп 17 жаштагы окуучу Роберт О'Брайендин айткандарын NY Daily News порталы жазды. (AbA)