Эки мечиттеги террордук чабуул: кылмышка шектүү психикалык тесттен өтөт

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жаңы Зеландияда март айынын башында эки мечитке болгон террордук чабуул боюнча соттук териштирүү башталды.
28 жаштагы Брентон Таррант Австралия жараны, ага 50 кишини өлтүрдү жана 39 адамды өлтүрүүгө аракет кылды деген айып тагылды. Ошондой эле террордук чабуул уюштурду деген адам психикалык тесттен дагы өтүшү керек.
Үч апта мурун Крайстчерч шаарында жума намазга чогулгандар кызыл кыргынга туш болду.
Террордук чабуул жаңызеландиялыктарды нес кылды. Бул кыргынды дүйнөлүк коомчулук катуу айыптады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Террордук чабуулду уюштурду деп шектелген Брентон Таррантка 50 кишинин өлүмү боюнча айып тагылды. 28 жаштагы Таррант соттук угууга видео байланыш аркылуу катышты. Ал Окленд шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта кармалууда.
Судья аны эки башка психологиялык тесттен өтүшү керек деген өкүм чыгарды.
Ашынган оңчулдардын идеологиясын жактаган Тарран алгач ал-Нур мечитине кол салды. Жума намазга чогулган үч жүзгө чукул кишиге ок атылды. Террордук чабуул "Фейсбук" баракча аркылуу түз байланышта көрсөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Экинчи чабуул ал-Нур мечитинен беш чакырым аралыктагы Линвуд мечитинде болду. Окуяга күбө болгондордун айтымында, мотоцикл менен келген куралчан жума намазга чогулган жүзгө чукул адамга ок жаадырган.
Террордук чабуул алдында Таррант атайын кайрылуу жасап, ашынган улутчулдардын идеологиясын колдоп, мигранттарга каршы пикирин билдирди. Ошондой эле террорчу интернетке ашынган оңчулдарды жактаган документти да жүктөгөн.
Ашынган оңчулдар интернеттеги кайрылууларын өтө кылдаттык менен чыгарат. Көп учурда өздөрүнүн кайрылууларын өздөрү четке каккандыктан, коопсуздук кызматкерлери эч кандай илинчек таба алышпайт. Мына ушундай ыкма менен алар экстремисттик көз карашын коомдук тармактарда жайылтууга жетишет.
Дал ушул себептен "Фейсбук" жана "Ютуб" сыяктуу коомдук сайттар экстремисттик материалдардын жайылышын токтото албаганы үчүн кескин сынга кабылууда.
Ал аңгыча, Австралия коомдук сайттар боюнча жаңы мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, коомдук сайттар экстремисттик материалдарга тез арада бөгөт койбосо, айып пулга жыгылып, жетекчилери абакка кесилиши ыктымал. (AT)































