You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кырсыкка кабылган "Владикавказда" өзөктүк реактор болгон
Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу 4-июлда президент Владимир Путинге маалымат берип жатып, кырсыкка учураган суу алдында жүргөн "Владикавказ" кемесинде өзөктүк реактор болгонун айтты. Азыр реактор коопсуз абалда деди, Орусиянын коргоо министри.
Суу алдында жүргөн "Владикавказ" кемеси 1-июлда машыгуу учурунда кырсыкка учураган. "Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө үчүн колдонулган аппаратта чыккан өрттөн каза тапкан",-деп кабарлаган эле Орусиянын Коргоо министрлиги.
"Кырсыктын негизги себеби аныкталды, аккумулятордук отсекте өрт чыккан, андан ары ал жайылып кеткен",-деди коргоо министри Сергей Шойгу 4-июлда Владимир Путин менен болгон жолугушууда.
Суу тереңинде жүргөн аппараттын өзөктүк механизми жумушчу калыбында, ал жабыркаган эмес.
"Ɵзөктүк энергетикалык механизм бул аппаратта бүтүндөй өзүнчө бөлүнүп турат жана ал жакка киши жолобойт. Ага кошумча, экипаж аны коргоо иштеринин баарын жасаган, ал бүтүн жана жумушчу калыбында",-деди коргоо министри.
Министрдин сөзүнө караганда, аппаратты кыска мөөнөттө калыбына келтиргенге үмүт бар.
Коргоо министрлиги мындан мурда суу астында жүрүүчү кеме тууралуу конкреттүү маалыматтарды бергенден качып жаткан.
Орусиядагы Аскер-деңиз флотунун 14 жоокеринин өлүмү
Суу алдында жүргөн "Владикавказ" кемеси машыгуу учурунда кырсыкка учураган. "Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө үчүн колдонулган аппаратта чыккан өрттөн каза тапкан",-деп кабарлаган эле русиянын Коргоо министрлиги. Жоокерлер иске ууланып каза тапкан.
Аппарат Мурманск облусунун Североморск аскер-деңиз базасына жеткирилген.
"Каза тапкан аскер кызматкерлеринин жетөө биринчи рангдагы капитан жана Орусиянын баатыры наамын алган эки официер болгон",-деди прездентке маалымат берип жатып коргоо министри Шойгу.
РБК басылмасы өзүнүн күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, кырсыкка кабылган АС-12 үлгүсүндөгү "Лошарик" деген аталыш менен белгилүү болгон атомдук кеме болгонун жазган эле.
Суу алдында жүргөн кеменин кырсыкка кабылган учуру Орусияда соңку ирет 2008-жылы күз айында катталган. Эң ири кырсык 2000-жылы "Курск" кемесинде болду.
"Курск" Баренц деңизинде кырсыкка кабылып, 118 жоокер каза тапкан эле. (AbA)