Уимблдондун биринчи сенсациясы

Published

15 жаштагы америкалык Корри Гауфф Уимблдондун биринчи айлампасында мекендеши, дүйнөгө атагы чыккан теннисчи Винус Уильямсты утуп алды. Эсеп 6-4,6-4. Винус Уильямс "Чоң шлемдеги" жети мелдешинин төртөөнү уткан. Эки жолу Уимблдонду жеңип алган.

Ал эми Гауфф болсо 1968-жылдан бери такай өтүп келе жаткан Уимблдон мелдешинин тарыхында эң жаш теннисчи болуп калды.

Кори Гауфф беттеш бүткөн соң калыстар менен кол алышып жатып, ыйлап жиберди. Өзүнүн кумири Винус Уильямс менен беттешкен мында калсын, жанынан көрөм деп дагы ойлогон эмес. Беттештен кийинки интервьюсунда "мелдеш учурунда аябай толкунданганын" айтты.

"Уимблдон мага мүмкүнчүлүк бергенине абдан бактылуумун. Мынчалык алыска барам деп ойлогон эмесмин",-деди жаш спортчу.

Мелдештин экинчи айлампасында Корри Гауфф словакиялык Магдалена Рыбарикова менен бет келди.

Дүйнөдө экинчи орунда турган Наоми Осака биринчи айлампада казакстандык Юлия Путинцевага утулуп калды.

21 жаштагы Осака өжөрлүк менен кыз-келиндер теннисинин элитасына жеткен. Ал "Чоң шлемдеги" эки мелдешти (US Open-2018 жана Australian Open-2019) катарынан уткан. (AbA)