Президент Эрдоган түрк экономикасын рецессияга кептедиби?

    • Author, Andrew Walker
    • Role, BBC World Service economics correspondent
  • Published

Түркияда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында баалуу кагаздар базары олку-солку абалга туш болду.

Улуттук акчанын куну бир күндүн ичинде беш пайызга төмөндөп, биржадагы баалар апта ичинде 10 пайызга түштү.

Түркияны экономикалык кризис тооруп турат. Президент Режеп Тайип Эрдоган каржылык каатчылыктын артында Батыш турат деген билдирүү жасады.

Түркиянын экономикалык абалы

Президент Эрдоган 2003-жылы бийликке келгенде, Түркия каржылык кризистен улам Эл аралык валюта корунан жардам алган болчу.

Андан бери Эрдоган өлкөнүн экономикасын өсүү жолуна салды. Түркия экономикасы 2003-жылдан бери жыл сайын өсүүнүн үстүндө турду. Бир гана 2009-жылы дүйнөлүк экономикалык кризистен улам өсүш болгон эмес.

Он беш жылдын ичинде түрк экономикасы жылыны 5.6 пайызга өсүп отуруп, абал кыйла оңолгон. Бирок былтыр өлкө терең экономикалык рецессияга батты.

Аны менен бирге жумушсуздуктун деңгээли да улам жогорулоодо. Өткөн жыл аягында 4.3 миллион жарандын иш издеп жатканы аныкталган же жумушсуздуктун деңгээли 13.5 пайызга өскөн.

Түркия алдыдагы жылдары рецессиядан чыгат деп болжонууда. Эл аралык валюта кору түрк экономикасы төрт жылдын ичинде 2.5 пайызга өсөт деп болжоп жатат. Бул көрсөткүч айрым жылдары төмөнүрөөк болушу ыктымал.

Өнүгүп жаткан экономика үчүн мындай көрсөткүч олку-солку абалдан кабар берет.

Инфляция көйгөйү кандай чечилүүдө?

Февраль айында бир жыл мурунку мөөнөткө салыштырганда өлкөдө товарлардын баасы 20 пайызга өскөн. Өткөн жылы октябрь айында бул көрсөткүч 25 пайызга чейин жогорулаган.

Дүйнө жүзүндө инфляцияны төмөндөтүү үчүн Улуттук банк негизинен пайыздык чендерди көтөрөт. Бирок бул кадамдан кийин компаниялар менен жеке ишкерлер банктан карыз ала албай, ички базарда азыраак каражат сарптагандыктан, баалар андан да жогорулайт деген коркунуч туулат.

Түркиянын Улуттук банкы өткөн жылы пайыздык чендерди кескин көтөрүүгө аракеттенген. Банктар акчаны 24 пайыздык чен менен карызга бермей болушкан. Бирок президент Эрдоган Улуттук банктын сунушун колдобой койгон.

Түрк лидери инфляция көйгөйүн жайгаруу үчүн кайсы жолду сунуштоодо?

Президент Эрдоган адаттан тыш кадамды сунуштап жатат. Ал бир нече жолу пайыздык чендерди төмөндөтүү керек экенин белгилеген.

"Пайыздык чендерди төмөндөтсөк, инфляция дагы төмөндөйт",-деп айткан Эрдоган.

Улуттук банк, экономика адистери, финансылык рынок боюнча талдоочулардын көбү Эрдогандын пикирине каршы оюн айтып жатышат. Дал ушул себептен инвесторлор Түркиянын Улуттук банкы өз алдынча чечим чыгара албайт деген жүйөө кармап, чоочулап турат.

Азырынча Улуттук банк президент Эрдогандын сунушун четке кагып, пайыздык чендерди төмөндөтүүдөн баш тартууда.

Улуттук акча бирдигине эмне болду?

Түрк лирасынын куну бир нече жолу кескин төмөндөгөн. Анын алсырап калганы Түркияда инфляция көйгөйүнүн деңгээлин жогорулатууда. Себеби лира арзандаган сайын импорттолгон товарлар кымбаттай берет.

Өлкөдөгү пайыздык чендерди көтөрүү улуттук валютанын кунун туруктуу кармоого көмөктөшөт. Себеби чет өлкөлүк инвесторлор лираны туруктуу кармоо үчүн акчасын салып, аны көбөйтүп, чыгарып кетүүгө жагымдуу шарт түзүлөт. Мындай абалда инвесторлор лираны сатып алып, анын баасы жогорулайт.

Президент Эрдоган экономикалык көйгөйдү жайгаруу үчүн кандай кадамга барды?

"Түркияны Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ бурчка такагысы келип жатат",-деген Эрдоган. Өлкөнүн лидери экономикалык көйгөйгө сырткы күчтөр күнөлүү деп айтып келет.

JP Morgan инвестициялык банкы лиранын кунуна таасир эткен жагдайлар тууралуу баяндама жасаган соң өлкөнүн банктарды тескеген мекемеси америкалык компанияны текшерүүгө алды.

"Базардагы спекулянттарды дисциплинага салышыбыз керек",-деп эскерткен Эрдоган.

Финансы базарында лираны сатып алууда анын куну жогорулап кеткен. Айрым маалыматтарга ылайык, өкмөт спекуляция амалдары улуттук валютага каршы пайдаланылып кетишин токтотуу үчүн түрк банктарына лира фондуларын тоңдуруп турууга көрсөтмө берген.

Ошондой эле өкмөт базарда баасы төмөн деп саналган азык-түлүктөрдү сатып алуу үчүн финансылык операцияларды жүргүзгөн.

Өкмөттүн аракеттеринен натыйжа чыгабы?

Түрк өкмөтүнүн азык-түлүк базарындагы аракеттери жарды үй-бүлөлөргө кыйла чоң жардам болот. Бирок ал Түркиянын инфляция көйгөйүн чечип бербейт.

Ал эми өкмөттүн улуттук валютаны жөнгө салуу кадамдары скептицизм туудурат.

"Лираны турукташтыруу тактикасы жана улуттук валютанын соодасын чектеген аракеттер спекуляция амалдарынан түзүлгөн кысымды кыска мөөнөткө төмөндөтөт. Узак мөөнөттү эске алганда, чет өлкөлүк инвесторлор лирага терс көз карашта болот. Демек, чет өлкөлүк инвесторлордун Түркияга келишине бут тосулат",-деди экономика боюнча адис Деннис Шен. (AT)