Балиде вулканга байланыштуу 35 миң киши коопсуз жайга чыгарылды

Published

Индонезиянын бийлиги туристтер арасында популярдуу болгон Бали аралында Агунг вулканы атылат деген кооптонуп жатат. Тоого жакын аймактан 35 миң киши коопсуз жайга чыгарылып кетти.

Коркунуч жаралган аймактын аянты 12 чакырымга чейин созулуп, вулкан атылышы мүмкүн деген кооптонуу максималдуу чекке жетүүдө.

Вулкандын айланасында бир нече күндөн бери кыска жер титирөөлөр катталып жатат. Ошондой эле магманын көтөрүлгөнү байкалууда.

Эвакуацияланган миңдеген кишилерди мектептерде жана мэрияда уюшулган убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышкан.

Акыркы жолу 1963-жылы Агунг вулканы козголгон мезгилде миңге чукул киши каза тапкан. Вулкандын айланасындагы сейсмикалык активдүүлүк августта эле байкалган эле. Андан бери токтоосуз күчөп олтурду.

Агунг вулканы Бали аралынын чыгышында жайгашкан. Болжолу туристтик райондон 70 чакырым аралыкта орун алган. Агунг Индонезиядагы 130 активдүү вулкандардын бири.

Жылына миллиондогон туристтер колдонгон Балидеги эл аралык аэропорт азырынча мурдагы эле калыбында иштеп жатат. Бирок Австралиянын Тышкы иштер минситрлиги туристтер үчүн жаңы кеңшеме сунуштап, вулкандын козголушу чөлкөмдөгү көптөгөн аба каттамдарын токтотууга аргасыз кылышы мүмкүн экенин эскертти.(AbA)