You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо эрежесин катаалдаштырды
АКШ Президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону катаалдаштырган жаңы эрежелерди ишке киргизди.
Катаалдаштырылган эреже биринчи кезекте, өлкө аймагына кирген мыйзамсыз миграциянын агымын бууп, мурда АКШда соттолгон мигранттарды, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткандарды өлкөдөн чыгарууга багытталууда.
Мурда жол эрежесин бузуп же дүкөн тоноп соттолгон мигранттардын кылмышы эми оор кылмыштар менен бирдей каралат.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча министрлиги жарыялаган документте негизги приоритет өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жасалган. Документте депортацияга кабылышы мүмкүн болгон категориялар кеңири көрсөтүлгөн.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер жаңы эрежелер массалык депортациялоого алып келбейт деп түшүндүрдү. Бирок укук коргоо органдарына мыйзамды сактап иштөөсүнө көбүрөөк укук берет деди ал.
Жаңы эрежелерде мурдагы Президент Барак Обаманын тушунда кабыл алынган АКШнын аймагына бала кезинде мыйзамсыз келген мигранттарды коргоого алуу системасы өзгөртүлгөн жок. Мындай коргоодо болжолу 750 миң адам бар. Бирок Трамптын админстрациясы өлкөгө балдарын мыйзамсыз алып келген ата-энелерди жазалоону сунуштоодо.
Ак үй эми Конгресстен Улуттук коопсуздук боюнча министрлигинин кызматкерлерин көбөйтүү үчүн кошумча каражат бөлүп берүүнү сурады. Миграциялык полицияга кошумча 10 миң кызматкер алып, ал эми чек ара күзөтүн беш миңге көбөйтүү пландалууда.
Дональд Трамп АКШга агылган мигранттардын агымын чектөө сунушу менен чыккан. Президенттик кызматка киришкенден кийин дароо эле мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн Мексика менен чек арасына 3200 километр дубал тургузуу боюнча жарлыкка кол койду. 28-январда иммиграциялык чектөөлөр боюнча жарлыкка кол койгон болчу. Ага ылайык Судан, Йемен, Ливия, Сомали, Ирак, Иран жана Сирия өлкөлөрүнүн жарандары 90 күн АКШга кирүүсүнө тыюу салынган. Ошондой эле Сириядан келген качкындарды кабыл алуу белгисиз мөөнөткө токтотулган.
4-февралда Сиэтл федералдык соту Вашингтон штатынын прокурорунун арызы боюнча бул ишти карап, Президенттин жарлыгын Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган. Буга жооп кылып Трамп миграция боюнча жаңы жарлык даярдай турганын айтты.
Трамптын миграция боюнча саясаты АКШнын өзүндө каршылык акцияларына себеп болуп, башка өлкөлөрдун дагы нааразылыгын жаратты.