Чоң шаардан айылга көчүп кеткен миллиардер: мегаполис жана элет турмушу

Sridhar sitting near a paddy field

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар айылдагы жайбаракат жашоону жактырат
    • Author, Сваминатан Натаражан
    • Role, BBC World Service
  • Published

"Мен алыстан башкарган жетекчимин",-деп күлөт Сридхар Вембу. Ал деңиздин жээгинде, күрүч талааларынын тушунда отуруп биз менен баарлашты.

Сридхар Zoho компаниясын 1996-жылы бир туугандары менен негиздеген. 25 жылдын ичинде компания 9,500 кишини жумуш менен камсыз кылып, Forbes журналы бир туугандардын 2,5 миллиард доллар байлыгы бар экенин жазып чыккан.

Отуз жыл бою Калифорниядагы Силикон өрөөнүндө иштеген Сридхар Индиянын түштүгүндөгү алыскы, тынч айылына көчүп кетти.

Жолдор, аккан суу, канализация жок

Sridhar sitting in his office

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар адам менен бетме-бет сүйлөшкөндү жактырат. Коомдук медианы кесиптештери менен байланышка чыгуу үчүн гана колдонот

Айылда эки миңден аз киши жашайт, тоолуу аймакка жол жок, кыштакта суу жана канализация дагы жок. Айрым учурда электр жарыгы дагы өчүп калат.

Силикон өрөөнүнө салыштырганда Сридхар башка планетада жашап жаткандай сезилет. Бирок кыйынчылыктарга карабастан ишкер компаниясын алыстан башкарып жатат.

Сридхарга интернет гана керек жана электр жарыгы өчүп калган учурда генератор колдонот.

"Компаниям аябай эле кеңейди, көптөгөн чечимдерди жергиликтүү командалар өздөрү кабыл алат. Мага айрым учурда гана байланышка чыгышат",-дейт Сридхар.

Элет жашоосу

Sridhar working from home

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар технологиянын өнүккөнү адамга көп мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтат

Сридхардын жардамчылары жана компаниясын жетектеген кызматкерлердин бири дагы офиске барып иштебейт. Алардын көбү дүйнөнүн булуң-бурчунда жашайт.

"Мен командамды түз башкарам, программисттер менен тыгыз иш кылам",-дейт ал.

Ишкер дал ушундай жашоону эңсеген. Өз ишин жыйынтыктагандан кийин, Сридхар велосипедке отуруп айылдын борборундагы чайканага барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашат.

Жергиликтүүлөр Сридхарды дагы жакшы билишет. Ар түрдүү телеканалдар аны тынбай маекке тартып турат. Ошондой болсо дагы Сридхар жашаган кыштактын атын жашыруун кармоону суранды. Өтө эле көп кызыгууну жараткысы келбейт.

Sridhar Vembu in traditional dhoti

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар компаниясын алыстан башкарат, дүйөнүн булуң-бурчундагы инженерлер менен кызматташат

"Айылдагы жашоо бир топ өзгөчөлөнүп турат. Бул жерде дагы деле жакшы дос тапсаң болот. Көп учурда жөн эле чай ичип кет деп чакырышат. Жакында коңшу айылга барып, көчөдөн ар түрдүү кишилер менен баарлаштым. Шаардыктар бири-бири менен сүйлөшпөй калды",-дейт ал.

Сридхар өз ишин мыкты жасоо үчүн бардык керектүү усулдар колунда бар экенин айтат. Жаңы технологияны интернет аркылуу окуп, кабардар болуп турса болот. Кызыктуу кишилер менен коомдук сайттар аркылуу баарлашып турат. Мурда жолугушууларга тынбай учса, азыр алардын көбү видео байланыш аркылуу өтүп калды.

Коронавирус пандемиясы учурунда ансыз деле көптөгөндөр үйдөн иштеп калышты. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы компаниялар кеңседен алыс туруп ишти уланта берүүгө өттү.

Sridhar Vembu in a bicycle

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар жашаган айылда суу жана канализация жок болгону менен, ишке маанилүү болгону интернет бар

Сридхар мындай ыкманы буга чейин эле колдонуп келген. Өз кызматкерлерине сөзсүз түрдө кеңсеге келбей деле иштөөгө уруксат берген. Мисалы, анын компаниясы он жыл мурун Индиянын Тенкаси айылында биринчи офисин ачкан эле. Алдыдагы жылдары Zoho Индиянын алыскы аймактарында чакан кеңселерин көбөйтө берди.

"Биз иштөө жолдору өзгөрөрүн түшүндүк. Ошондуктан айылдарда кеңселерибизди ачып, интернет байланышын жакшыртуу аракеттерин көрдүк".

Zoho office in Chennai

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Zoho компаниясынын Ченнайдагы кеңсеси

Сридхар компаниянын 30 пайызга чейин кызматкерлери алыскы кыштактарда жашап, ишин уланта берет деген пикирде. Ишкер кызматкерлери негизинен үйүнөн иштеп, чакан кеңселерге кесиптештери менен жолугушууга келет. Чакан кеңселерде жүзгө чукул кызматкер иштей алат.

Андан дагы маанилүүсү, айылдыктарга дыйканчылыктан тышкары киреше табуу жолу ачылат.

Билимди жайылтуу

Sridhar in his house

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар Индиядагы үйүндө

Сридхар Индияда төрөлгөн, АКШда билим алды. Ушул өлкөдө иштеп калганы менен ар дайым туулган жерине кайтып барууну самаган. Компаниясын түзүп жатканда кызматкерлеринин 90 пайызы Индиянын Ченнай аймагында жайгашкан эле.

Көрсө АКШга көчүп барардын алдына Сридхар Индиянын алдыңкы университетинде билим алган экен. Бирок ага өлкөдөгү билим берүү системасы жаккан эмес. Ал Индия Технология институтунда инженер кесибин аркалаган, магистратура жана докторантурасын АКШдагы Принстон университетинде жыйынтыктаган.

Бирок ал алдыңкы университеттерде билим алганы, анын ийлигине эч салым кошпогонун айтат.

"Мен математика тармагында профессор болууга даярданып жаткам. Азыркы ишим жөнөкөй арифметикага байлануу. Индиядагы университетте электр инженери катары билим алгам, оор формулаларды жаттагам, бирок алардын барын унутуп калдым. Албетте, бул формулалар абдан маанилүү, бирок алардын көбүн турмушта колдонбойсуң",-дейт ал.

Дал ушул себептен Сридхар Zoho мектептерин негиздеди. Учурда эки мектеп иштеп жатат. Анда окуучулар эки жыл бою программист, дизайн жана долбоорду башкаруу багытында билим алат. Мектепке 17-20 жаштагылар тапшырууга укуктуу.

Sridhar in his office

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхар элет тургундарын жумуш менен камсыз кылгысы келет

Мектепке өткөндөргө бекер тамак жана айына 140 доллар стипендия берилет.

"Биз аларга кантип программа, тиркемелерди түзүш керек экенин үйрөтөбүз. Алар чыныгы программалардын үстүнөн иштейт. Үйрөнүп жатып, иштей беришет. Суунун агымын толук иликтебей туруп деле мыкты сантехник боло аласың, компьютер илимдерин терең изилдебей туруп деле мыкты программист болуу мүмкүн",-дейт Сридхар.

Мектепте 900 окуучу билим алат жана алардын көбү Сридхардын компаниясына ишке алынат.

Sridhar's village

Сүрөттүн булагы, Zoho Corp

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сридхарга айылдагы жашоосу жагат

Билл Гейтс жана Уоррен Баффет сыяктуу миллиардерлер акчасынын көбүн кайрымдуулук үчүн колдонот эмеспи. Бирок Сридхар батыштын усулун жактырбайт. Ал социалдык жоопкерчилик абдан маанилүү экенин белгилейт.

"Көптөгөн иштер кайрымдуулуктун аты менен жасалат. Бирок акчаны билим берүүгө жумшасак, аларга иш таап берүүгө умтулсак, биз бир гана тургунга эмес компанияларга дагы жардам беребиз".

Сридхар мектептер менен чектелген жок. Ал 250 орундук оорукана куруп жатат. Бул бейтапкана айылдыктарды тейлейт.

Эң негизгиси, ал айылдыктарга жардам берип, өзүнүн тынч жашоосун уланткысы келет.

"Мага азыркы жашоом жагат. Көптөр акчаны болгон көйгөйлөргө даба катары көрөт. Бирок бул катачылык. Бизге ачык коом керек"-дейт ал.