You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тегинде кул болгон үчүн үйлөнө албаган жаштар
Ушул айдын башында Нигерияда коомчулуктун үрөйүн учурган окуя катталды. Ата-энеси баш кошууга уруксат бербей койгону үчүн эки жаш жанын кыйган. Анткени эски түшүнүктөн улам, жаштардын үйлөнүшүнө уруксат берилген эмес экен.
"Алар бизге байыркы эрежеден улам үйлөнсөңөр болбойт деп айтышты",-деп жазылат жаштар калтырып кеткен катта.
Маркумдар отузга чыга элек эле. Алар өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Анамбра штатынын тургундары болчу. Бул аймакта кулчулукка 1900-жылдары тыюу салынган. Бирок мурда кулчулукка мажбурлангандардын тукуму, анын ичинде өзгөчө этникалык Игбо тобу дагы деле ошол макамга ээ. Бүгүнкү күнгө чейин айрымдар "кулдардын тукуму" деген жүйөө менен Игболорго кызын бербей же уулуна ушул этникалык топтон кыз алууга тыюу салып келет.
"Кудай барыбызды бирдей жараткан. Анда эмнеге ата-бабаларыбыздын сабатсыздыгы үчүн адам баласы дискриминацияга барат",-деп жазган эки жаш өз катында.
Нигерияда мындай мисалдар көп катталат.
Бай болгону менен орду төмөн
Ата-бабалары кулчулукка мажбурлангандардын үй-бүлө куруудагы чектөөлөрү маселенин бир гана бөлүгү. Алардын саясатка аралашуусуна дагы чектөөлөр коюлган.
Билими, идеясы жана тажрыйбасына карабастан, алар парламентке шайланбайт же жогорку кызматтарды ээлебейт. Кызыгы, ата-теги кулчулукка мажбурлангандардын көбү бай жана билимдүү. Себеби 1900-жылдары жергиликтүү калк чет өлкөдөн келгендерден чоочулап турганда, мурда кулдар болгондор аларга аралашып, тилди үйрөнүп, бутуна туруп кеткен. Алар тапканын балдарына өткөрүп олтуруп, учурда өлкөдөгү эң бай адамдардын ата-бабалары кулдар болгону айтылат. Ага карабастан коомдогу чектөөлөр жок болуп кеткен жок.
44 жаштагы Оге Мадуагву атайын коом түзүп, Нигериядагы кулдардын балдарына карата теңсиздикти жоюу менен алектенип келет.
"Америкада каралар кандай кыйынчылыктарга туш болсо, Нигерияда бир кылым мурда кул болгондордун тукуму дал ошондой кыйынчылыктарга туш болушат",-дейт ал.
Мадуагвунун ата-бабалары кул болгон эмес, бирок ал ушул теңсиздикти көрүп чоңойгон. Анын жакын курбусу сүйлөшүп жүргөн жигити менен турмуш кура албай калган. Анткени анын жети атасынын бири кулчулукка мажбурланыптыр. Жигиттин ата-энеси "бул кызды алганды кой, аны менен кол алышпайбыз" деп айткан экен.
"Бир топ эркектер отуруп алып ушундай эрежелерди ойлоп чыгарышкан. Демек, биз дагы отуруп алып бул эрежелерди жокко чыгара алабыз",-дейт Мадуагву.
Игбо эли экиге бөлүнөт: оху жана осу топтору. Охулардын ата-бабаларын адамдар кулчулукка мажбурлаган, ал эми осулар болсо "кудайдын кулу" деп аталат. Осулар сыйынуучу жайларды тазалап, кызмат кылган кулдар болчу.
"Осулар кулдардан дагы төмөн. Себеби охулар кулчулуктан бошоп кеткен учурлар болгон. Ал эми осулар тукуму менен кызмат кылып, кул бойдон кала берген",-дейт Африка таануучу окумуштуу Уго Нвокежи.
Охуларды жети атасын билбеген, бир жерге байланышы жок кулдар деп аташса, осулар болсо кудайдын кулу болгондуктан аларды кулчулуктан бошотуу чоң күнөө катары каралган экен.
1956-жылы парламент өкүлдөрү оху менен осуларга карата дискриминацияны жок кылуу үчүн атайын мыйзам дагы кабыл алган. Нигеринянын баш мыйзамында дагы өлкөдөгү бардык этникалык топтор тең деген берене бар. Бирок коомдун басымдуу бөлүгү байыркы жазылбаган эрежеге баш ийгени үчүн заманбап мыйзам сакталбай келет.
Нигеринянын түштүк-чыгышында канча адам кулчулукка мажбурланганы боюнча расмий статистика жок. Көп учурда бул аймактын тургундары ата-бабаларынын чыныгы макамын жашыруун кармашат.
Соңку жылдары коомдогу теңсиздиктен улам оху менен осулар нааразылык акция уюштурган учурлар болгон. Айрымдар калыптанган бийликке параллель бийлик түзгөнү дагы катталган.
13 жыл мурун осулар Nneji же "барыбыз бир жерден келдик" деген уюм түзгөн. Бул топ дүйнөнүн булуң-бурчундагы осуларды бириктирип келет. Учурда уюмдун таасири кеңейип бара жатат.
АКШда башталып, кийин дүйнөгө тараган Black Live Matter же каралардын өмүрү дагы мааниге ээ кыймылы Нигерияга дагы жетти. Теңсиздикти жок кылууга аракеттенген кыймыл дүйнөнүн чоң шаарларында акцияларды уюштуруп, бул көйгөйгө дүйнөнүн көңүлүн бурду. Оге Мадуагву сыяктуу активисттер бул кыймыл нигериялыктардын дагы көзүн ачып, теңсиздикти жок кылууга салым кошот деп үмүттөнүүдө.