Путиндин жаңы буйругу: генералдар арзан баш кийим кийет

Published

Орусиянын президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн жогорку наамдагы офицерлерине жана генералдарына каракүл тумактарын кийүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду.

Анын ордун арзаныраак деп саналган мех тумактары алмашмакчы. Анткени бул тумактар эки эсе арзан түшөт. Каракүл тумактарын офицерлерге ар беш жылда берүү жагы же акчасын төлөп берүү каралып келген. Эми мындай баш кийимди Росгвардиянын генералдары гана кийе алат.

Каракүл тумактары биринчи жолу 1817-жылы орус армиясынын Кавказда согушкан бөлүктөрүнө кирген. 1855-жылы аны казак кошуундары кийсе, 1913-жылдан бүт армияга жайылган.

1917-жылдагы ыңкылаптан кийин каракүл тумактарын кийүүгө тыюу салынган. Бирок 1940-жылы каракүл тумактары кайра армияга кайтып келип эле тим болбой, кадыр-баркты дагы көрсөткөн баш кийимге айланды. Ошондуктан аны жогорку наамдагы генерал жана маршалдар кийишкен. Бир нече жылдан кийин аны кийүүгө полковниктер дагы укук алышты.

Каракүл - белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө. Бул сөз Өзбекстандын Бухара шаарынын жанындагы Кара-Көл оазисинен улам келип чыккан, тактап айтканда, ХIХ кылымда 3-4 күндүк козу терилерин ушул жерден чыгарып сата башташкандыктан, теринин аты жердин аты менен орус тилинде «каракуль» деп аталып калган. Кыргыз тилине каракүл болуп өткөн. Европага Астрахань шаары аркылуу кеткендиктен, каракүл немис жана француз тилдеринде «астракан» деп аталат. (Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды) (AbA)