You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Беш жаштагы балага протез кол cалышканда, дароо инисин кучактады
Жэйкоб ара төрөлүп, тубаса сол колу жок эле.
Анын ата-энеси crowdfunding же кайрымдуулук үчүн чогулган каражатка - 16 миң фунт топтоп, уулуна кыймылдаган протез алышкан.
Дарыгерлер чыканак жок болгондо кыймылдаган протезди иштетүү мүмкүн эмес деп айтышкан эле. Ошондо Жемма Тёрнер менен Крис Скримшоу баласына протез издеп жүрүп, Бер Райанга кезиккен.
Райандын уулу он жашында кырсыкка кабылып, колунан ажыраган. Райан өз аракети менен гидравликалык протез иштеп чыккан экен. Кийин Райан психолог катары ишинен кетип, Ambionics аттуу компанияны негиздейт. Ambionics польшалык Glaze аттуу компания менен бирикти, Жэйкоб анын биринчи кардары эле.
Жэйкобдун ата-энеси протездин чыканагы менен манжалары колдой эле кыймылдаганын каалаган жана манжаларды улам башка аспапка алмаштырууну дагы суранышкан.
Райан иштеп чыккан протез 3D принтерден эмес, лазерлер менен кесилип даярдалган эле.
"Жэйкобдун сунушун дагы эске алдык. Ал түсүн кино тасмада көргөн каармандардай жашыл кылып боеп бергиле деп сураган. Негизгиси, Жэйкоб манжаларын кыймылдатып, бөтөлкө сыяктуу буюмдарды кармай алат",-деди Райан.
Жэйкобдук ата-энеси дагы протезге сүйүнүштү. Cowdfunding аркылуу акча топтоп жатканда, ысымын жашыруун калтыргысы келген бир кишии 5 миң фунт акча жөнөткөн экен. Ал "кайрымдуулук иштерин көп жасаган аял катуу ооруп жатканын", айрым максаттары жете албай акчасын Жэйкоб сыяктуу балдарга таратып жатканын айткан.
Жемма болсо башында жардамга акча сурагысы келбей, "аягында баламды ойлоп баарына даяр экенимди түшүндүм" деп айтты.
"Уулум бир топ кыйналды. Улам бир дарыгерге барсак, жардам бере албайбыз деп жооп кайтара беришти. Өзүбүз каалагандай протезге жеткенибизге кубанып турабыз",-дейт Жемма.