Шимпанзелер ортосундагы төрт жылга созулган кандуу согуштун себеби эмнеде?

Published

Окумуштуулардын иликтөөсүндө, шимпанзелер ортосундагы согуш ырайымсыз өлүмдөн башталган...

1974-жылдын январь айы эле. Годи ысымдуу шимпанзе Танзаниядагы Гомбе-Стрим паркында дарактын бутагына олтуруп алып, тамактанып жаткан. Тамакка алагды болуп калган Годи сегиз шимпанзе аны тегеректеп калганын аңдабай калды.

"Ал дарактан секирип түшүп, качып жөнөдү. Бирок анын артынан кууп жетишкен",-дейт британдык приматолог Ричард Рэнгем Би-Би-Синин документалдык тасмасындагы маегинде.

"Кууп жетип эле жерге кулатып, сабап башташкан. Беш минутага чейин сабашкан. Аны кайра кое беришкенде, ал араң эле кыймылдап калган",-дейт окумуштуу.

Ушундан кийин Години көрүшкөн жок.

Бул кандуу окуя "төрт жылдык согуштун" башталышы болуп калды. Мындай аталышты белгилүү британ приматологу Жейн Гудолл берген.

Жаңжал Гомбе-Стрим паркындагы шимпанзелерди экиге бөлдү. Буга чейин окумуштуулар мындайды асти көргөн да, уккан да эмес.

Бирок ажырымдын так себеби түшүнүксүз дейт америкалык окумуштуу Жозеф Фельдблюм. Март айында Фельдблюм иликтөөнүн жыйынтыгын "Физикалык антропология боюнча америкалык журналга" жарыялаган. Анда бул кандуу окуяга себеп болгон жагдайлар - "бийлик, амбиция, көралбастык" кеңири сүрөттөлгөн.

Кишилер жана маймылдар

84 жаштагы приматолог Гудолл биздин шимпанзе (жана кишилер) тууралуу түшүнүктөрүбүздү өзгөрттү. Маймылдар аспаптарды даярдайт жана аны пайдаланат, алар примитивдүү тилде бири-бири менен баарлашат. Башка үйүрдөгүлөр эмнени ойлоп жатканын түшүнүшөт.

Гудолл ошондой эле бул айбанат керек учурда өтө ырайымсыз дагы боло аларын аныктаган.

Окумуштуулар парктын түндүгү менен түштүгүндө бөлүнүп жашаган шимпанзелердин эки тобуна төрт жыл боюу байкоо салышып, алардын жүрүм-турумун изилдешкен. Касакела менен Кахама тобу бири-бирине кол салып, сабап, ал тургай өлтүргөнгө чейин барып турушкан.

Бул жылдар ичинде Гомбидеги шимпанзелердин эркектеринин үчтөн бири башка шимпанзелердин зомбулугунан өлгөн.

Зомбулук чегинен ашкан, айрым иликтөөчүлөр окумуштуу Гудолл өзү байкабай маймылдарга чагым салып койгондой деп болжошкон. Анткени ал иликтөөсүнүн башында байкоо станцияларына азыктарды койгон.

Алардын болжолунда, Гудолл өзүнүн иликтөөсүн баштаганга чейин "эки башка топтогу шимпанзелер жанаша, кээде аралашып да башташкан. Гудолл тарабынан коюлган азыктар бир топ убакытка аларды бириктирип, кийин кайра бөлүнүү жүрдү" деп айтылат Дьюк университетинин журналында жарыяланган иликтөөдө.

"Дьюк жана Аризона штатындагы университеттин окумуштууларынын иликтөө тыянактары көрсөткөндөй, чынында бул жерде чоң окуялар орун алган",-деп айтылат иликтөөдө.

Достуктан кастыкка

Бул жолу окумуштуулар 19 эркек шимпанзенин "согуш" башталган жети жыл ичинде кайсыл топко, канча убакытта өтүп турганын анализдешкен. Алар шимпанзелердин байланыш схемасын түзүп, кимиси ким менен көп убакыт өткөрүп жатканын белгилеп турушкан.

Эгерде азык төгүлгөн жерге эки шимпанзе көп учурда бирге келсе, аларды дос деп эсептешкен.

"Анализ көрсөткөндөй, 1967-жылдан 1970-жылга чейин алгачкы учурдагы үйүрлөрдүн эркектери бири-бири менен баарлашып турган деп тыянак чыгарса болот",-деп айтылат Дьюк университетинин иликтөөсүндө.

Айрымдарына парктын түштүк тарабында убакыт өткөрүү жаккан, кээси болсо парктын түндүгүндө көп жүргөн. Мына ушул учурдан баштап алардын ортосундагы ажырым башталган.

1972-жылга барып шимпанзе эркектери ич ара Касакелас менен Кахама тобуна бөлүнгөн.

Бул эки топ бет келип калганда бири-бирин дарактын бутагы менен чапкылап, ызылдап, кыйкырышып, кармаша кетип турушкан.

"Биз эгерде түштүк тараптан алардын ызылдаганын уксак, өзүбүзчө "түштүк тобу" чабуулга өттү дечүбүз. Түндүктөгүлөрдүн баары кыйкырык жана жаңсоолор менен дарактарга чыга баштачу",-дейт иликтөөгө катышкан Энн Пусэй.

Шек жараткан үчөө

Иликтөөчүлөрдүн баамында, бөлүнүү үч эркек шимпанзе ортосундагы бийлик үчүн күрөштү жаратты. Топтун башына келген эркек шимпанзе Хамфри жана эки "түштүктүк" шимпанзелер Чарли менен Хью ортосундагы кармаш.

"Хамфри көлөмдүү шимпанзе эле. Анын таш атканы кооптуу болчу,-дейт Пусэй. - Хамфри жекелеп бет келгенде Чарли менен Хьюну коркутуп турчу. Бирок эгерде экөөнө бир жолугуп калчу болсо, Хамфри аларды айланып өтүп кеткенге аракет кылган".

Ал учурда шимпанзелердин ургаачыларынын саны аз эле. Мына ошондуктан шимпанзелер ортосундагы талаш айгышкан мүнөздө болгон деп түшүндүрөт иликтөөчүлөр.

"Мунун баары үрөй учарарлык болду", -дейт Гудолл документалдуу тасмада сүйлөп жатып, окумуштуу өзүнүн шимпанзелерге даярдаган азыгы зомбулуктун себеби болуп калганы тууралуу пикирлер менен дагы макул.

"Баарынан кейиштүүсү, бул окуяларга байкоо салып жатып, соңунда саны көп болгон топ азырак топтогу шимпанзелерди жок кылып, алардын аймагын ээлеп алганын көрүү болду",-деп кошумчалады ал. (AbA)