Жогорку
Кеңешке шайлоого
21 партия аттанган,
бир
мандаттуу 36 шайлоо
округунан 282 талапкер
катышууда.
Бир
жыл
мурдагы шайлоо чоң
чырга
айланып, жараксыз
болуп,
бийлик
алмашууга алып келген.
Жаңы
бийлик
шайлоону жаңырган
мыйзамдык эрежелер менен өткөрүүдө.
Жогорку
Кеңештеги орундар
120дан токсонго кыскарды,
анын
ичинен
54 - саясий партияларга,
36 - бир мандаттуу
округдарга берилет.
Шайлоодо
биринчи жолу преференциалдык
добуш
берүү
болуп
жатат.
Шайлоочулар партиялык
тизмедеги талапкерлерди
да
тандайт.
Саясий
партиялар үчүн босого
чек
жети
пайыздан беш пайызга
түшүрүлгөн.
Шайлоого
элдин
катышуусунун милдеттүү
бир
чеги
коюлган эмес, канча
шайлоочу катышса
дагы
шайлоо
жарактуу болот.
Бир
мандаттуу округдар
үчүн
экинчи
тур
болбойт, биринчи
турда
эң
көп
добуш
алган
талапкер жеңүүчү
болот.
Президент
Садыр
Жапаров бул шайлоодо
бийликтин партиясы
болбойт деп билдирген.
Ошол
эле
учурда
бийликке “Ата-Журт-Кыргызстан”,
“Ишеним”,
“Ынтымак”
партиялары жан тарткан
күчтөр
катары
каралууда. Ал эми
“Бүтүн
Кыргызстан”, “Ата
Мекен”,
Социал-демократтар - оппозициялык
партиялар.
Шайлоо
өнөктүгүндө мыйзам бузгандыгы
үчүн
эки
талапкер жарыштан
чыгарылды. Бир нече талапкерге акчалай
айып салынды.
Үгүт
өнөктүгү учурунда
активдүүлүк социалдык
медиа
менен
мессенжерлерге көчтү.
БШК,
Финансы чалгын кызматы
электрондук капчыктар
аркылуу добуш сатып
алуу
болот
деп
шектүү
финансылык операцияларга
мониторинг жүргүздү.
Шайлоо
коронавирус пандемиясынын
убагында санитардык-эпидемиологиялык
эрежелерди
сактоо
менен
өтүшү керек.
Бул
шайлоо
өлкөдө
энергетикалык кризис курчуп
турган
учурга
туш
келди,
көмүр
кымбат
жана
каат
болуп,
электр
жарыгын өчүрүүлөр
болууда.
Шайлоого
жети
жүздөн
ашык
эл
аралык
байкоочу катышууда,
анын
ичинде КМШ, ЕККУ, Европа
Кеңешинин, Түрк тилдүү
өлкөлөрдүн Парламенттик
Ассамблеясынын Миссиясынын
байкоочулар бар. (КС)
-
Добуш сатып алчулар той-топур менен көк дүкөнгө көчтүбү?
-
Шайлоо-2021: Электрондук ээнбаштыкка күч жетеби?
-
Эрежелер өзгөрдү, эми ээнбаш саясат өзгөрөбү?